Арсенал (футбол клубу, Лондон): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
30-сап:
'''<big>Негизделиши (1886-1925)</big>'''
[[Файл:Woolwich royal arsenal gatehouse 1.jpg|left|thumb|236x236px|"Ройал Арсенал" заводу]]
[[Файл:Arsenal 1888 squad photo.jpg|thumb|249x249px|Арсенал 1888-жылы. Отургучтун оң жагында команданын капитаны Дэвид Денскин]]
«Арсенал» футбол клубун Лондондун түштүк-чыгышындагы Вулидж аттуу райондо жайгашкан «Ройал Арсенал» [[мылтык]] чыгаруучу заводунун ишмерлери 1886-жылдын 1-декабрында негиздешкен. Алар жаңы түзүлгөн командага «Дайал Скуэр» (англ. Dial Square) деген атты коюшкан. Биринчи оюнду клуб 1886-жылдын 11-декабрында Истерн Уондерерс аттуу командага каршы өткөргөн<ref>{{Cite web|url=http://www.arsenal.com/history/laying-the-foundations/laying-the-foundations-overview|language=en|accessdate=16.12.2008|title=Арсеналдын негизделишине жалпы көз караш|publisher=The Official Website of Arsenal Football Club}}</ref>. Ал матчты замбирекчилер 6-0 эсеби менен утушкан. Эки жумадан кийин оюнчулар чогулуп, команданын аталышын «Ройал Арсенал» деп өзгөртүшкөн, андан тышкары «Ноттингем Форест» футбол клубунда ойногон Фрэд Бирдсли команда формасынын түсүн кызыл түскө өтүшүн сунуш кылган. [[1891|1891-жылда]] клуб кесиптик статуска ээ болуп, аталышы «Вулидж Арсеналга» (англ. Woolwich Arsenal) өзгөргөн. Команда 1893-жылы Футбол лигасына кирген.