Индонезия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
7-сап:
 
==Табияты==
Индонезия экватордук кеңдиктерде, атмосферанын муссондук циркуляция зонасында жайгашкан. Экватор аймагында жана аралдарда жайгашкандыгы дайыма жылуу режимдин түзүлүшүнө шарт түзөт. Чулгаган деңиздерге суусунун жылуулугу (27°Сден жогору), агымынын сезон боюнча өзгөрүлмөлүүлүгү жана деңиз жаныбарларынын көптүгү мүнөздүү. Индонезия 3 миңден ашык аралда жайгашкан (ирилери Ява, [[Суматра]], [[Калимантан]] менен Сулавесинин басымдуу бөлүгү, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгү). Түздүктөр менен тоолор (бийиктиги 5029 мге чейин, Жая чокусу; Жаңы Гвинея аралында) болжол менен бирдей аянтты ээлейт; жанартоолор көп (400дөй жанартоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашык). Аракеттеги ири жанартоолору: Керинчи (бийиктиги 3800 м, Суматра аралында), Ринжани (3726 м, Ломбок аралында), Семеру (3676 м, Явада) жана башкалар Индонезия нын басымдуу бөлүгү кайнозой тектогенезине, Суматранын түндүк-чыгышы жана Калимантандын түштүкбатышы мезозой, Жаңы Гвинеянын түштүк бөлүгү жана Ару аралдары мезозойго чейинки бүктөлүштөргө кирет. Ургаалдуу вулканизм, өтө сейсмдүүлүк жана оордук күчүнүн ири аномалиясы аймактын тектоникалык активдүүлүгүн тастыктайт. Индонезия кен байлыктарга бай; алардын ирилери: нефть, газ, жез, алтын, күмүш, калай, никель, темир, алюминий (боксит), күкүрт, көмүр жана башкалар Климаты экватордук жана субэкватордук, түздүктөрдө абанын температурасы жыл бою 26-28°С, тоолордо салкыныраак. Жылдык жаан-чачыны 2000-4000 мм (өлкөнүн көп бөлүгүндө текши жаайт). Жаанчачын эң көп жааган (6000 ммге чейин) жери Суматра аралынын батышындагы тоолор. Субэкватор алкагында жайгашкан аймактарында (Яванын басымдуу бөлүгү, Кичи Зонд аралы) климаттын сезондуулугу байкалат: декабрь-март жаанчыл, июнь-сентябрь кургакчыл болот; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 ммге, өлкөнүн четки түштүк-чыгышында 600-700 ммге чейин азаят. Дарыяларынын суусу мол жана жыш, негизинен кыска; эң узун дарыясы Капуас (узундугу 1000 кмден ашык), Калимантан аралында. Көлдөрү көп, алар негизинен тектон. кыймылдан жана жанар тоодон пайда болгон. Индонезия жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстарынын зор запасына (2838 км<sup>3</sup>) ээ. Чарбада агын суунун 3%и гана пайдаланылат, анын 90%и айыл чарбанда, 8%и коммуналык-тиричиликте, 1%и өнөр жайында керектелет. Дарыяларынын гидроэнергиялык потенциалы өтө зор (15,5 млн кВт), бирок ал аз гана өздөштүрүрүлгөн. Негизинен кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; орто бийик тоолордун капталдарында күрөң тоо топурактары жана тоо-шалбаа, жанартоолуу аралдарга күрдүү жанартоо (андосолдор), түздүктөргө тропиктик аллювий жана саз топурактары мүнөздүү. Кылымдар бою шалы өстүрүлгөн түздүктөрдө жана тектирленген тоо боорлорунда өзгөчө «күрүч» топурагы пайда болгон. Жапыз жээктерде өтө кычкыл мангр топурагы өөрчүгөн. Флорасы өтө ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт, анда татаал өсүмдүктөрдүн 27,5 миңден ашык (андан ичкери дарактардын 17,5 миң) түрү бар. Токой өлкөнүн аймагынын 60%ин, саванна менен бадал 8%ин ээлейт. Түздүктөрүндө жана тоо капталдарында1300-1500 м бийиктикке чейин нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) басымдуулук кылат; андагы негизги дарак түрлөрү: диптереокарпустар, фикустар, расамала, панданустар, нан дарагы, ошондой эле пальмалар, дарак сымал папоротниктер, бамбуктар. Лиандар, эпифиттер көп. Тоо капталдарын андан жогору дайыма жашыл жана аралаш токой, жазы жалбырактуу (эмен, каштан, бук) жана ийне жалбырактуу токой (подокарпус), ийри-буйру өскөн өсүмдүктөр токою, бадалдар жана шалбаа ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышына жалбырагын күбүүчү токой (тик, зараң, казуарина), саванна (бийик өскөн аланг-аланг, жапайы бал камыш) таралган. Жапыз жээктерге жана дарыя чаттарына мангр токою мүнөздүү. Токой аянты жыгач иштетүүдөн, өрттөн, айдоо аянттарын кеңейтүүдөн, кен байлыктарын казып алуудан өтө азайган (1990-2000-ж. токойдун 14%и жок кылынган). Сүт эмүүчүлөр менен куштардын жарымына жакыны Индонезиянын эндемиктери. Индонезиянын батыш бөлүгүнүн фаунасына орангутан (Калимантан, Суматра), гиббон, кындыгый маймыл, ява жана суматра кериги, индия пили, бантенг бодосу, тапир (Суматра), малайя аюусу (Калимантан, Суматра), суматра жолборсу жана башкалар мүнөздүү. Орнитофаунага бай; сойлоочулардан крокодилдер (андан ичкери таракчан крокодилдердин узундугу 9 мге чейин жетет), чаар питон; Комодо аралында эң ири комодо эчки эмээри корголот. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө баштыкчандар (кускустар, даракчыл бөрсө мүнөздүү. Индонезияны чулгаган деңиздер биологиялык ресурстарга өтө бай: суу астындагы шалбаа, ихтиофауна; чыгышында кораллдар, коралл рифи. Деңиздин ири айбанаттарынан кашалот, дюгонь, дельфин, деңиз таш бакасы, акула жана көөкөрчөк кездешет; жыландар көп; балыкка бай. Индонезиянын биологиялык көп түрдүү бөтөнчө экосистемасын коргоо максатында жалпы аянты 23,7 млн га коргоого алынган 956 аймак, ошондой эле аянты 13,5 млн га коргоого алынган 122 деңиз акваториясы уюшулган. Гунуне-Геде-Пангранго (Ява аралында), Гунунг-Лесер (Суматра), Лоре-Линду, Танжунг-Путинг (Сулавеси), Комодо, Сиберут (аты окшош аралдарда) улуттук парктары биосфералык резерват статусуна ээ. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине Комодо, Ужунг-Кулон (Ява аралында), Лоренц улуттук парктары (Жаңы Гвинея аралында), ошондой эле Суматрадагы тропикалык жамгыр токою кирген. Дүйнөдөгү эң ири ботан. бактардын бири Богор шаарында (Ява аралында) жайгашкан. Ява аралындагы «Жанар тоо парктары» дүйнөгө белгилүү; Калимантан аралында корук жана орангутандарды изилдөө борбору бар.
 
==Калкы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Индонезия" булагынан алынды