Түр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-1
+ link
 
1-сап:
[[Файл:Blackcurrant 1.jpg|thumb|[[Кара карагат]] ([[Уруу (биология)|уруу]]: ''[[Карагат|Ribes]]'', түр: ''nigrum'').]]
[[Файл:Ribes rubrum 1.jpg|thumb|Кызыл карагат (уруу: ''Ribes'', түр: ''rubrum'').]]
 
'''Түр''' - [[Организм|организмдер]] системасындагы негизги структуралык бирдик; алардын эволюциясындагы сапаттык этан.
Ал - органикалык [[дүйнө]]нүн ар кандай түзүлүш деңгээлдеринин (биосфера, биоценоз, популяция, организм, ткань, клетка ж. б.) бири, ошондой эле өсүмдүк, жаныбарлар жана микроорганизм [[Систематика|систематикасындагы]] негизги [[Таксономия|таксономиялык]] бөлүм. Ар бир Түр жаратылышта тарыхый жол менен келип чыккан бир бутун нерсе (система) катары жашайт. Түр индивиддерден (айрым организмдер) турат, алардын закон ченемдүү тузулгон жыйындысы болуп саналат. Ар бир индивид өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрү менен бирге Түргө тийиштуу жадны касиеттери менен мүнөздөлөт. Түр татаал ички түзүлүштөргө жана көп түрдүү табигый өзгөчөлүктөргө ээ. Анын эң жөнөкөй структурасын популяция түзөт, демек ал популяция формасында жашайт. Түрлөрдүн көп сандагы түрчөсү да бар. Өсүмдүк, жаныбарлар жана микроорганизмдин объективдуу жашаган формаларын ар тараптан изилдөө биологиядагы Түр жөнүндөгү түшүнүктүн түзүлүшүнө өбөлгө болду. Анын илимий негизин Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы түзгөнү менен ал дайыма өнүгүү жана өзгөрүү абалында турат. Түрлөр жаратылышта аралашпайт, себеби алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуу менен бирге, бири биринен морфол., физиол., географиялык, экологиялык, генетикалык, биохим., биофиз., биокибернетикалык ж. б. белгилер менен айырмаланат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Түр" булагынан алынды