Бишкек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү
73-сап:
* шаар тибиндеги Чоӊ-Арык айылы – 9 724 (2009)
* Орто-Сай айылы – 4 100 (2009)
Ленин районуна Чоӊ-Арык айыл кеӊеши карайт. Чоӊ-Арык айыл кеӊешине шаар тибиндеги Чоӊ-Арык айылы, Орто-Сай айылы жана аэропортко жакын жайгашкан Манас айылынын жарымы карайт.
 
Район башчылары акимдер болуп эсептелет. Акимди мэрия жана шаар кеӊеши дайындайт. Акимиат- район администрацисы болуп эсептелет.
 
== Табияты ==
Line 90 ⟶ 91:
== Калкы ==
 
Бишкек шаарынын калкынын саны 1999-жылы марттагы эл каттоо боюнча 762,3 миң адам болуп, респ-дагы калктын 15,8% түзгөн. Шаарда 1940-жылы 104,5 миң калк жашаса, 1950-жылы 218,0 миң, 1979-жылы 535,5 миң, 1989-жылы 619,9 миң калк болгон. 2003-жылы 797,4 миң калк жашап, анын 792,9 миңи (99,4%) шаарда, 4,5 миңи (0,5%) шаардын чет-жакасындагы [[Ортосай]] айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%, аялдар 52,1% түзөт. 2002-жылы үйлөнгөндөрдүн саны 3729 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 3,8, ажырашкандар 1947 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн. 2002-жылы Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 14,3, өлгөндөрдүн саны 7,5, табигый өсүш 5,4 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 25,9 өлүмгө дуушар болгон. 2002-жылы жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек шаары боюнча 8952 адамды түзгөн. 2000-жылы шаар боюнча жалпы калктын 24,0% эмгекке жарамдуудан жаш, 64,9% эмгекке жарамдуу, 11,1% улуу муундагы адамдар болгон. Шаарда [[кыргыз]] (52,2%), [[орус]] (33,2%), [[украин]] (11,2%), [[казак]] (1,6%), [[өзбек]] (1,6%), [[татар]] (2,1%), [[немис]] (0,7%), [[дуңган]] (0,5%), [[уйгур]] (1,7%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Бишкек шаарынын калкынын 2002-жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азаюу 6913 адамды түзгөн.
 
== Тарыхы ==
[[Файл:Central Bank KASSR.jpg|thumb|[[Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы|Кыргыз ССРинин]] Борбордук банкы, 1927]]
Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. [[Аламүдүн ГЭС]]теринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4 миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. [[Темир доору]]нун башталышы менен Кыргызстандын аймагында [[сак]] (б. з. ч. 7–3 кылымдары) жана [[усун]] (б. з. ч. 3-кылым – б. з. 5-кылым) уруу бирликтери түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот.
 
Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган [[түрк уруулары]] мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы [[Бишкек шаар чалдыбары]] (7–12 кылымдары) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км<sup>2</sup>дей аянтты ээлеген (Бишкек1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13 кылымдары), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан.
Line 142 ⟶ 143:
 
=== Аэропорт (Абабекет) ===
Бишкек шаарынын административдик аймагында жайгашкан эл аралык «Манас» аэропорту шаардан 23 км алыстыкта жайгашкан. Аэропортту кыргыз элинин улуу эпосунун башкы каарманы - Айкөл Манастын атынан коюлган. Бул аэропорт шаарды, ошондой эле Чүй дубанынын чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-жыды Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. ЭГАУнун (ИКАО) классификациясына ылайык, аэропорт 4Е классында. Учуп-конуу тилкеси 4,2 км. Ал кандай самолет болбосун, кабыл ала алат дегендик, аба ырайынын эң татаал мезгилинде дагы. Перрондун (башка самолеттор токтоо үчүн жай) жалпы аянты — 242 миң м². Жаңы терминал курулган.
 
Бишкек тогуз жолдун тоомунда жайгашып, өлкөдөгү эң ири транспорт түйүнү болуп да саналат. Эң ири автомагистралдары:
Line 212 ⟶ 213:
[[Файл:Nationallibrary.jpg|left|thumb|Улуттук китепкана]]
[[Файл:The National Theatre in Bishkek (269337149).jpg|thumb|221x221px|Опера жана балет театры]]
Бишкек шаары Республиканын [[илим]], [[билим]], саламаттыкты сактоо, [[көркөм өнөр]] жана [[маданият]] мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул республикада эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-жылы 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орто көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү ж. б. жайгашкан.
[[Файл:Cosmopark.jpg|left|thumb|Космопарк ]]
Алар: «Достук», «Аккеме», «Саякат», «Ысык-Көл», «Семетей», «Бишкек», «Ала-Тоо», «Хаятт», «Эльдорадо» ж.б. мейманкалар, «Ош», «Аламүдүн», «Баткен», «Ортосай», «Аларча-2», «Дордой», «Кудайберген» ж.б. базарлар, «Айгүл», «Айчүрөк», «Береке», «Берекет», «Бешсары», «Диньчинь», «Жаңылык», «Миңтүркүн», «Сейтек» ж.б. соода дүкөндөрү жана комплекстери д. у. с. Бишкек шаарында 22 ири китепкана иштеп, аларда 7208 миң нуска китеп болгон. Шаарда 7 театр, анын бири опера жана балет театры, экөө мамл. драма театры, 1 филармония, 3 клуб жана маданият мекемелери, 10 кинотеатр жана 11 музей иштеген. Ошондой эле шаарда мамлекеттик эмес бир нече театрлар ж.б. маданияттык мекемелер ачылган. Бишкек Кыргыз Республиканын саясий борбору болгондуктан өлкөнүн башкаруу бийликтери — Президенттин администрациясы, Өкмөт, [[Жогорку Кеңеш]], Республикалык сот жана прокуратура, ошондой эле төртүнчү бийлик деп саналган басма каражаттары – гезит, журналдар, радио жана телекөрсөтүүчү мекемелер шаарда жайгашкан. Ошондой эле Бишкекте ондон ашык чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү иштейт. Алар: АКШ, [[Беларусь]], [[Германия]], [[Индия]], [[Иран]], [[Казакстан]], [[Кытай]], Орусия, [[Өзбекстан]], [[Пакистан]], [[Тажикстан]], [[Түркия]] ж.б. <br />
 
== Климаты ==
Line 220 ⟶ 221:
 
== Архитектурасы ==
[[File:Bishkek.jpg|thumb|Кечки Бишкек, Ала-Тоо аянты]]Бишкектин архитектурасы 1878-жылдан башталат, себеби Верный шаарында ([[Алматы]]) генерал Г.А.Колпаковский Бишкектин генералдык планына кол койгон.
1925-жылы ал кездеги [[Пишпек]] калаасына чехословакияк комунисстерден түзүлгөн "Интергельпо" кооперативи шаардын архитектурасынын өнүгүшүнө зор салымдарын кошушкан. Биринчилерден болуп кооперативдик ишканаларды куруп, "Жумушчулар Шаарчасын" кура башташкан (бул шаарчанын планировкасы шакекчелик система болгон, ошону менен шаардын башка райондорунан өзгөчөлөнүп турган.Согуштан кийинки жылдары курулуш иштери мурункудай бойдон улана берген, бирок жаңы, кооз үйлөр салынып, шаар көркүнө келе баштаган. Уникалдуу имараттар пайда болгон, биз аларды "Сталиндик стиль" деп атап калганбыз.
 
1950-жылдары шаардын аймагына аж кабаттуу үйлөрдү салууга тыюу салынгандан баштап, көп кабаттуу үйлөр салынып, индустриалдык методдор менен шаар салууга чоң түрткү болгон. [[File:New_bishkek.jpg|thumb|Бишкектеги жаңы курулуп жаткан имараттардын бири]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бишкек" булагынан алынды