Липид: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
1-сап:
[[Файл:Липиддер.jpg|250px|thumb|Липиддер]]
'''Липиддер''' (грек тилинен λίπος, lípos — май) — бардык тирүү клетканын составына кирип, тиричиликте маанилүү роль ойногон май сыяктуу заттар. Липиддер биологиялык мембрананын составына кирип, клеткалардын өткөргүчтүгүнө жана көп ферменттердин активдүүлүгүнө таасир этет, нерв импульстарын өткөрүүгө, булчуңдардын жыйрылуусуна, клетка аралык байланыштарды түзүүгө, иммунохимиялык процесстерге катышат. Ошондой эле липиддер организмде энергия топтоп жылуулукту сактоо, ички органдарды жана ткандарды сырткы механикалык таасирлерден коргоо кызматын аткарат. Алар сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде ээрийт. Адамдын жана жаныбарлардын организми бардык негизги липиддерди синтездөөгө жөндөмдүү, ошондой эле аларды тамак аркылуу алышат. Липиддер негизинен [[Боор(медицина)|боордо]] жана ичке ичегинин бетинде синтезделет. Кандагы липиддер, [[май]], [[белок]] жана башкалар татаал бирикмелердин составында болуп, [[кан]] аркылуу органдарга жана ткандарга барат. Клеткаларда көпчүлүк белоктор менен комплекс — липопросоид түрүндө учурайт. Организмде липиддер [[Липазалар|липаза]] ферментинин таасири менен ажырайт.<br />
[[Файл:Fettsäuren-beispiel.svg|thumb|260px|Майлуу кислоталардын мисалдары: миристиндик (каныккан майлуу кислота)жана миристолеиндик (моно-каныккан эмес кислота) 14 көмүртек атомдору бар.]]
== Липиддер классификациясы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Липид" булагынан алынды