Липа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Tilia amurensis 2777.jpg
м + links
 
1-сап:
[[Файл:Tilia amurensis 2777.jpg|thumb|''Tilia amurensis''.]]
'''Липа''', '''жөкө дарак''' ({{lang-la|Tilia}}, [[L.]] 1753) – [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] [[липалар]] тукумундагы жалбырагы күбүлмө [[Дарак|дарактар]] [[Уруу (биология)|уруусу]]. Бийиктиги 15–25 м, айрымдары 40 м-ге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2–5 м-дей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү – калканча же чачы сымал. Мөмөсү – жаңгакча. Липа демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Липанын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү – жүрөк сымал липа, европа липасы, амур липасы. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] атайын өстүрүлөт. Липа кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Липа" булагынан алынды