Мрамор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Museo de La Plata - Mármol Blanco Leme.jpg + Ariston marble quarry.JPG
1-сап:
[[Файл:Museo de La Plata - Mármol Blanco Leme.jpg|thumb|upright|Мрамор.]]
[[Файл:Ariston marble quarry.JPG|thumb]]
'''Мрамор''', мармар (гр. mfrmaros – жылтырак таш) – доломит же акиташ тегинин кайрадан кристаллданышынан пайда болгон метаморфизмделген тоо тек; майда, орто, ири кристаллдуу карбонат. Негизинен кальцит минералынан түзүлөт. Кошунду түрдө мрамордо кварц, халцедон, гематит, пирит, лимонит, органикалык заттар кездешет. Мындай кошундулар мрамордун кооздугун арттырат же кемитет. С. салм. 2,65–2,90; кысымга болгон каршылыгы 500 –2500 кгс/см2; сүрүлгүчтүгү 0,40тан 320 г/см2ге чейин; суу сиңириши 0,15–0,50%. Өңү-түсү курамындагы кошундуларга жараша өзгөрүп турат. Көбүнчө ак, көгүш, кызгылтым, каралжын түстө кездешет. Сайкалдагандан кийин өтө кооз көрүнөт. Курулуш иштеринде, скульптурада, архитектурада жана башкалар. колдонулат. Кыргызстанда бир нече (Чычкан, Арым жана башкалар) кендери бар.
[[Категория:Тоо-тектер]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:Тоо-тектерМинералогия‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мрамор" булагынан алынды