Тоо кaзы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Bar-headed Goose by Samad Kottur.jpg
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Bar-headed Goose by Samad Kottur.jpg|thumb|Тоо кaзы.]]
'''Тоо кaзы''' (''Anser indicaindicus''), (Latham, 1790):
 
==Жалпы жана өлкөдө таралышы==
Борбордук Азияда бийик тоо көлмөлөрдөгү куш. Кыргызстанда Соңкөл жана Чатыркөлдө жашайт. Мурда тоо казы Арабел жана Сарыжаз сыртында уялоочу. Кышында (1987-жана 1989-жылдын январы) 100-150 куш Акөлөң жана Торайгыр аймактарында кездешкен .
 
==Жашаган аймактары==
Тоо казы көлдөрдө жана дарыялардын жээктеринде, аралчаларда же көлгө кирүүчү узун кургак тилкелерде, саздарда уялайт. Сөңкөлдө тайыз жээктүү, уялоого жагымдуу келген аралчалар талкаланган, ошондуктан азыркы убакта уялоочу жерлер аз болуп калды. Ал эми Чатыркөлдө материктүү аралчалар жок, каздар өсүмдүктөр топтошкон тайыз жерлерде уялашат. Мындай аралчалар тез эле суу каптап кеткендиктен, оңой бузулушат, ошондуктан каздар оорун алмашууга мажбур болушат .
 
==Саны==
Кыргызстанда бул каздардын жалпы саны 282-342 особдорго жеткен.
 
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кыргызстанга тоо каздардын учуп келиши апрелдин ортосу жана аягынан тартып көлдөрдүн жээктериндеги муздардын эриши менен байланыштуу . Уяны ургаачысы салат, жерди чуңкур казып, ага кургак чөп төшөйт. Уяда 4-6га чейин жумуртка болот, аны ургаачысы басат, эркеги жанында болот. Балапандарын 28-29 күндө басып чыгарат. 1-2 күндөн кийин уясын таштап көлгө кетет. Жаштары 60-65 күндөн кийин канаттарын кагып уча башташат. Алар суу жана жээк өсүмдүктөрү менен азыктанышат – аларга рдест, жекен, бетеге чөптөр кирет. Каргалар, кулаалылар, түлкүлөр, суу бүркүттөр жумурткасын жана балапанын жеп коюшат. Ноябрда учуп кетишет.
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==

==Чектөөчү факторлор==
Каздардын саны азайуусуна жазында алардын жумурткасын чогултуу, аңчылык кылуу. Азыркы учурда Сөңкөлдө уялоого ыңгайлуу аралчаларды талкалоо, балыкчылардын жана чабандардын болушу таасирин тийгизишет .
 
==Көбөйтүү (колдо багуу)==
Колго бакса жакшы көбөйөт. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Ысыккөл коругунда тоо казын көбөйтүүгө питомник уюштурулган. Бир нече жылдардын ичинде жаштарынын бир бөлүгүн Сөңкөлдөгү жапайы куштарга кошушкан. Акча каражатынын жетишпегендигинен илимий деңгээлде анын көбөйтүүсү жолго салынбай калган.
 
==Уюштурулган коргоо аракеттери==
1975-жылдан тартып Кыргызстандагы тоо каздары сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн тизмесине, ал эми 1985-жылы КК киргизилген.
 
==Коргоо үчүн зарыл аракеттер==
Каздардын белгилүү уялоочу жерлерин коргоого алуу. Кыргызстанда азыркы учурдагы таралышын изилдөө, көчүшүүнүн мөөнөтүн жана уя салышын тактоо, колго кармап тукумдатуунун методикасын иштеп чыгуу.
 
==Статусу==
VI категория, Near Threatened: R. Кыргызстанда саны азайып бара жаткан түр. Монотиптүү түр.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
* [[Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]] 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тоо_кaзы" булагынан алынды