Юнусалиев Болот Мураталиевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
38-сап:
[[Файл:Манас эпосунун курама вариантын Кыргыз ССР Тил жана адабият институтунда талкуулоо-1956.jpg|350px|left|thumbnail|Манас эпосунун курама вариантын Кыргыз ССР Тил жана адабият институтунда талкуулоо, (1956).]]
 
Эпостун көөнө мүнөзүн ачып, ал адегенде көлөмү чакан, кара сөз түрүндөгү чыгарма болушу ыктымал деген божомолду айтып, ошол баяндын бара-бара кеңейтилип, бутактанып, көптөгөн башка чыгармаларды ичине сиңирип, көптөгөн доор, мезгилдердин изин камтып, маалыматтары менен байып, циклдештирилип, уландылары пайда болуп отуруп бүгүнкү көлөмдүк, көркөмдүк деңгээлине жеткен жолун белгилейт. Эпостун үч бөлүмүнүн сюжеттик схемасын ирети менен баяндап, талдоо жүргүзөт, окуялардын түрдүү варианттарындагы айырмачылыктарына көңүл бурат, эпостун башкы темасы менен идеясына, каармандардын образдарына мүнөздөмө берет, чыгарманын көркөмдүк касиеттерине, тилине байланышкан ойлорун айтат. <ref>https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_science_stalinism_academician_bolot_yunusaliev/28719375.html?nocache=1</ref> <br>
 
Юнусалиев 1966-жылдан тартып "Манас" секторунда илимий консультант милдетин өтөп жаткан мезгилде "Манасты" кыргыз жана орус тилдеринде Москвадан илимий негизде бастырып чыгаруу, [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбайдын]], [[Каралаев, Саякбай|Саякбайдын]] варианттарын жарыялоо иштерине активдүү аралашкан, сектордун бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтүп, өз илимий аброю менен таяныч болгон, ал иштердин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышын түздөн-түз Юнусалиевдин атына байланыштырууга болот. Юнусалиев "Манасты" илимий принциптерге ылайык бастыруунун негизги жоболорун иштеп чыгууда, эпостун орусча кыргызча тексттерин бастыруу үчүн түрдүү варианттардан окуяларды тандап алууда консультант гана болбостон активдүү аткаруучулардын биринен да болгон. <br>