Рений: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
{{Элементтердин мезгилдик системасы}} + Rhenium_Schmelzperle.JPG
 
1-сап:
[[Файл:Rhenium Schmelzperle.JPG|thumb|Рений.]]
'''Рений''' (латынча ReniumRhenium), Re – [[Элементтердин мезгилдик системасы|элементтердин. мезгилдик системасынын]]. УИ тобундагы химиялык элемент, катар номери 75, атомдук массасы 186,207. 1869-жылы Д. И. Менделеев 7-топтогу марганецке окшош болгон эки элемент бар экендигин алдын ала айткан. 1925-жылы немец химиктери В. жана И. Ноддактар колумбит минералынан катар номери 75 болгон жаңы элементти табышкан. Жаратылышта рений 2 изотоптон <sup>185</sup><sub>75</sub>Re жана <sup>187</sup><sub>75</sub>Re турат. Рений күмүш түстүү ак, оор, кыйындык менен эрий турган, ийилгич жана коррозияга өтө туруктуу металл. Атмосфералык радиусу 1,373Е, тыгызд. 21,03 г/см<sup>3</sup>; эрүү t 3180°С; кайноо t 5900°С. Кадимки температурада рений абада туруктуу, азот жана суутек менен аракеттенбейт. 300°Сден жогору температурада окистенет (Re<sub>2</sub>0<sub>3</sub>, Re<sub>2</sub>0<sub>7</sub>), күкүрт, галогендер менен аракеттенет (Re<sub>2</sub>S<sub>3</sub>, ReS, Re<sub>2</sub>S<sub>7</sub>, ReF<sub>6</sub> жана ReCl<sub>6</sub>). Pений бирикмелеринде +7ден –Ire чейинки окистенүү даражасын көрсөтөт. ренийди алуу өтө татаал. Башка металлдардан экстракция жана хроматография жолу менен бөлүп алынат. Рений ысыкка жана коррозияга абдан туруктуу. Анын куймалары электр техникада, авиацияда, ракета жана космос иштеринде, атом техникасында пайдаланылат. Ренийдин платина менен куймасы термоэлемент катары 1900°Сге чейинки температураны өлчөө үчүн колдонулат. Ошондой эле электр лампаларынын ренийден жасалган зымдары вольфрамга караганда чыдамдуу келет. Рений көпчүлүк химиялык реакциялардын катализатору болуп саналат.
[[Категория: Химия]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
{{Элементтердин мезгилдик системасы}}
[[Категория: Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рений" булагынан алынды