"Празеодим" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Файл:Praseodym 1-cropflipped.jpg + {{Элементтердин мезгилдик системасы}}
(Automated import of articles)
 
(Файл:Praseodym 1-cropflipped.jpg + {{Элементтердин мезгилдик системасы}})
 
[[Файл:Praseodym 1-cropflipped.jpg|thumb|Празеодим.]]
'''Празеодим ''' ([[Латын тили|латын тилиненлат.]]   Praseodymium),[[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы 6-мезгилинин 8-катарынын IIIB группа элементи. К.н. 59, ат. м. 140,907. П. массалык саны ''121Pr, 129Pr, 130Pr,133Pr -154Pr ''болгон 22 изотобу белгилүү. П. жаратылышта 141Pr болгон бир гана изотобу бар. П. 1885-ж. австр. химик Ауэр Фон Вельсбах тарабынан ачылган. П. - күмүш түстүү ак металл, балкып эрүү температурасы 935оС; кайноо температурасы 3127оС; жер кыртышынын (массасы б-ча) 7×10-4 % түзөт. Ал жаратылышта монацит, бастнезит, лопарит минералдары курамында болот. П. бирикмелеринде +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтөт. П. окистенүү -калыбына келүү потенциалы –2,46 барабар. П. активдүү металл. Галогендер менен аракеттенип туздар пайда кылат. Ал эми азот, күкүрт, көмүртек, кремний, фосфор, суутек менен ысытканда аракеттенип, тиешелүү бирикмелер пайда кылат. К-талар менен аракеттенет, бирок щелочтор менен аракеттенбейт. П. түстүү [[металл|металлдар]] куймаларына бир аз кошуудан, алардын касиеттери жакшырат. П. кошулган айнектен нурдан сактоочу көз айнектер жасалат.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
{{Элементтердин мезгилдик системасы}}
[[Категория: Химия]]
25 681

edits