Америций: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Americium_microscope.jpg
м + links
 
1-сап:
[[Файл:Americium microscope.jpg|thumb|Америций.]]
'''Америций''' (лат. Americium) '''Am''' – жасалма жол менен алынган радиоактивдүү элемент. [[Атомдук номер|Атомдук номери]] 95, [[Атомдук масса|атомдук массасы]] 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун атомдук массасы 243. Америцийди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс, Л. Морган жана Гиорсо Am<sup>241</sup>изотобу түрүндө плутонийди нейтрон бөлүкчөлөрү менен нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан аташкан. Америций - күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см<sup>3</sup>. Таза металл түрүндөгү Америций 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, балкып эрүү темпратурарасынын так мааниси белгисиз. Амерций 3төн 6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү 3кө барабар. Атомдук радиусу 1,82 А, үч валенттүү абалындагы ионунун радиусу 1,00 Амерцийбардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек менен өз ара аракеттенишип, гидридди пайда кылат. Кычкылтек менен реакцияга кирип, бир нече оксиддерди AmO, Am<sub>2</sub>O<sub>3</sub>, AmO<sub>2</sub> берет. Ал эми галогендер менен үч валенттүү Амерцийдин галогендүү бирикмелерин - AmF<sub>3</sub>,AmCl<sub>3</sub>,AmBr<sub>3</sub>пайда кылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Америций" булагынан алынды