Антуан де Сент-Экзүпери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Антуан Мари Жан-Батист Роже де Сент-Экзүпери''' ([[Англис тили|англ.]] Antoine Marie Jean-Baptiste Roger, comte de Saint-Exupéry; 1900-жыл 29-июнь — 1944-жыл 31-июль) — франциялык жазуучу, акын, аристократ, журналист жана кесипкөй учкуч болгон. Ал Франциянын бир нече жогорку адабий сыйлыктарынын лауреаты болгон жана ошондой эле АКШнын Улуттук китеп сыйлыгына татыктуу болгон. Ал [[Кичинекей ханзаада|"Кичинекей ханзаада"]] (англ. The Little Prince) новелласы, "Шамал, кум жана жылдыздар" (англ. Wind, Sand and Stars) жана "Түнкү учуу" (англ. Night Flight) лирикалык авиация чыгармалары менен көпчүлүктүн эсинде калган.
 
Сент-Экзүпери Европанын, Африканын жана Түштүк Американын аба почтасы жолдорунда иштеп, Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында ийгиликтүү жеке учкуч болгон. Согуш чыгып кеткенде ал Француз аба күчтөрүнө кошулуп, 1940-жылы Франция Германия менен аба ок атууларын токтотконго чейин чалгындоочу миссиялык учууларды аткарып турган. Француз аба күчтөрү таратылып бүткөндөн кийин ал Нацисттик Германияга каршы согушка кирүүгө өкмөттү көндүрүш үчүн Америка Кошмо Штаттарына барган. Түндүк Америкада өзүнүн негизги үч эмгегин жазып, 27 айлык тыныгуунун артынан ал учкуч болуш үчүн жашы өтүп кеткен болсо да жана ден соолугу начарлаганына карабастан Түндүк Африкадагы Эркин Франция аба күчтөрүнө кошулган. Ал 1944-жылдын июлунда Жер ортолук деңизинде чалгындоо миссиясы учурунда дайынсыз жоголуп, ошол убакта каза болду деп айтылат.