Нильс Бор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Бор Нильс Хенрик Давид''' (7. 10. 1885, Копенгаген 18. 11. 1962, ошол эле жер) даниялык физик, [[Нобель сыйлыгы|"Нобель" сыйлыгынын]] лауреаты (1922). Атомдун биринчи квант теориясын түзгөн жана кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. Бор атом ядросунун жана ядролук реакция теориясынын өсүшүнө чоң салым киргизген. 1908-ж. Копенгаген университетин бүтүп, бул жерде өзүнүн биринчи илимий иши суюктуктун термелүүсүн жана металлдын классикалык электрон теориясын изилдөөнү жүргүзгөн. 1916-ж. Копенгагенде теориялык физика кафедрасынын башчысы, 1920-жылдан өмүрүнүн аягына чейин ошол шаарда өзү уюштурган Теориялык физика институтун жетектеген. Фашизмге Каршылык көрсөтүү уюму 1943-ж. Борду Даниядан Швецияга, андан АКШга жөнөткөн. Ал жерде Бор атом бомбасын жасоого катышкан. Согуштан кийин Данияга келип, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкөн. Ал 1913-ж. атом теориясын иштеп чыгып, классикалык электрдинамиканын закондору менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон атомдун планеталык структурасын түшүндүрүү аракетинде өзүнүн постулаттарын түзгөн. Ядролук реакциянын жүрүү мүнөзүн аныктап, 1939-ж. Ж. А. Уплер менен бирдикте ядронун бөлүнүү теориясын өркүндөткөн. Бор физиктердин чоң мектебин түзүп, бүткүл дүйнөлүк физиктер байланышын өнүктүргөн. Эмгектери: Прохожденпе атомных частиц через вещество. М., 1950; Атомная физика и человеческое познание. М., 1962.
[[Категория:Дүйнө элдери]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:Нобель сыйлыгынын лауреаттары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Нильс_Бор" булагынан алынды