Микроорганизмдер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 74 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q39833 (translate me)
+ links
1-сап:
[[Файл:E coli at 10000x, original.jpg|thumb|[[Бактериялар‎]] ''Escherichia coli'' x 10.000 ([[Электрондук микроскоп]]).]]
[[Файл:Микроорганизмдер.jpg|thumb|250px|Мелкоскоптун алдындагы микроорганизм]]
'''Микроорганизмдер''' — [[микроскоп]] менен гана көрүнүүчү эң майда, көбүнчө бир клеткалуу организмдер тобу. Микроорганизмдерди микробиология илими изилдейт. Алар чөйрөнүн түрдүү факторлоруна өтө туруктуу болгондуктан эң кеңири таралган. Микроорганизмдер '''патогендүү''' (оору пайда кылуучу) жана '''патогенсиз''' болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды [[бактериялар]], кээде ачыткы жана кебер козу карындар, актиномицеттер козгойт.
[[Файл:Микроорганизмдер2.jpg|250px|left|thumb|upright|Микроорганизмдер]]
Микроорганизмдердин [[Генетика|генетикасы]] жана молекулалык генетиканын жетишкендиктеринин натыйжасында микроорганизмдерде [[биосинтез]] жана энергия алмашуу процесстери татаал түзүлүштүү өсүмдүк жана жаныбарлардын клеткаларындагыдай эле өтөрү белгилүү болгон. Ошону менен бирге микроорганизмдерге өзгөчө ферменттик система жана биохимиялык реакциялар таандык. Микроорганизмдердин целлюлоза, лигнин, хитин, нефть углеводдорун, кератин, мом жана башкаларды ажыратуусу ошол өзгөчөлүктөргө негизделген. Микроорганизмдин энергия алуу жолу ар түрдүү: кээ бири органикалык эмес заттардын кычкылданышынан, айрымдары жарыктан алат. Айрым микроорганизмдер молекулалык азотту сиңирүүгө, белокту синтездөөгө, көптөгөн биологиялык активдүү заттарды ([[Антибиотиктер|антибиотиктерди]], [[ферменттер|ферменттерди]], [[Витаминдер|витаминдерди]], [[токсиндер|токсиндерди]] жана башкалар) чыгара алат. Өсүмдүк, жаныбар калдыктарын ажыратуу менен органикалык заттарды минералдаштырып, табиятта заттардын айлануусунда катышат.
 
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]