"Мителер" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

no edit summary
м (Bot: Migrating 44 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q186517 (translate me))
No edit summary
[[Файл:Паразиттер.jpg|thumb|250px|Ичегидеги мителер.]]
[[Файл:Anopheles stephensi.jpeg|thumb|''[[Безгек чиркейи |Anopheles]] stephensi'' ургаачы чиркеи.]]
[[Файл:Cimex lectularius.jpg|thumb|right|Төшөк канталасы. Башынын астыңкы жагынан пилтумшугу кетет,аны менен кан иче алат]][[Файл:Sülük.JPG|thumb|right|Буттагы сүлүк. [[Гематофагия]] — паразитизмдин кеңири жайылган түрү]]
[[Файл:Sülük.JPG|thumb|Буттагы сүлүк. [[Гематофагия]] — паразитизмдин кеңири жайылган түрү.]]
[[Файл:ES Valencia Sierra Aitana Orchidea.jpg|thumb|upright|Заразиха.]]
'''Мителер''' (байыркы грек тилинен παράσιτος — «арам тамактануучу») — ээсинин (башка организмдин) эсебинен тамактануучу, көпчүлүк учурда аларга зыян келтирүүчү организмдер. Мында бири (мите) экинчисин (ээсин) жашоо чөйрөсү, азыгы катары пайдаланат. Мителер ээсинин каны, лимфасы, ткандары жана сиңүүгө даяр тамак-ашы менен азыктанып, ага зыян келтирет, начарлатат, кээде өлүмгө дуушар кылат. Аларга зоомителер (жөнөкөйлөр, [[гельминттер]], курт-кумурскалар жана башкалар), [[фитомителер]] ([[бактериялар]], [[козу карындар]], айрым татаал түзүлүштөгү [[өсүмдүктөр]]) жана вирустар кирет. Көбүнчө мителер өзү жашаган ээсин ооруга чалдыктырат, кээде оорутпайт. Мындай учурда ээси — мите алып жүрүүчү, оору таратуучу булак болуп калат. Жашаган жерине карата мителер эктомителер жана эндомителерге айырмаланат.<br />
 
== Эктомителер ==
Эктомителер ээсинин дене сыртында жашайт. Ага бит, чиркей, кенелер кирет. Алар кан, лимфа суюктугу менен азыктанат.
 
== Эндомителер ==
Эндомителер организмдин ичинде жашап, аны жабыркатат. Мисалы, теринин ичинде котур кенеси жана башкалар; ичегиде бодо малдын тасма курту, аскарида, чүчөк, власоглав курту, жазы тасма курт, ич өткөк амёбасы, лямблия жана башкалар; булчуң ткандарында (трихинелла, бодо малдын, чочконун тасма куртунун финнасы); кан клеткаларында безгек митеси жана башкалар жашайт. <br />
== Мите алып жүрүүчүлүк ==
Мите алып жүрүүчүлүк — киши, жаныбарлардын организминде табияты түрдүү мителер, оору козгогучтардын болушу. Мында оорунун белгилери көпкө чейин билинбегендиктен жугуштуу оорунун таралышында мааниси чоң. « Мите алып жүрүүчүлүк » термини көбүнчө тар мааниде — мите ооруларын козгогучтарга карата колдонулат. Мите алып жүрүүчүлүк узакка созулуп, көп учурда клиникасы даана байкалган ооруга өтөт. Мите дененин сыртына (эктомителер) жана ички органдар менен ткандарга (эндомителер) жайгашуусу мүмкүн. Эктомителердин (мисалы, биттин) кишинин денесинде болуусу тазалыкты сактабагандыктан келип чыгат. Аларды жөнөкөй көз менен оңой эле байкоого болот. Эндомителерди атайын медициналык мекемелер лабораториялык ыкманын жардамы менен изилдейт. Азыркы медицина организмди мителерден тазалоочу ишенимдүү каражаттарга ээ.
 
== Мите козу карындарга каршы дарылар ==
Мите козу карындарга каршы дарылар — микозорду дарылоо жана алдын алууда колдонулуучу заттар. Аларга кээ бир антисептикалык каражаттар (йод, фенол), салицил кислотасы, күкүрттүн бирикмелери жана башкалар кирет. Мите козу карындарга кээ бир антибиотиктер да таасир этет.
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Биттер]]
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Оорулар]]
[[Категория:Ден соолукБиология]]
25 681

edits