Кома (медицина): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м fix links
1-сап:
'''Кома ''' (грек. κῶμα — терең уйку) — акыл-эс жоголуп, өмүргө коркунуч келтирүүчү абал.
Мээде кан айлануу бузулуудан же ууланууда борбордук нерв системасынын клеткалары жабыркагандан болот. Анда дем алуу, кан айлануу бузулуп, өлүм коркунучу туулат. Команын пайда болушуна мээнин травмасы, сезгенүүсү ([[Энцефалит|энцефалит]], [[Менингит|менингит]], [[Безгек ( медицина)|безгек]]), инсульт, организмдин ууланышы (алкоголь, барбитурат, ис уруу жана башка), [[Кант диабети|кант диабети]], уремия, [[Гепатит|гепатит]] ооруларынын кабылдашы себеп болот.
 
Кома жай өөрчүйт, адегенде алы кетип, угуу начарлайт, уйкусу келет. Акыл-эсин жогото электе догдур чакырып, тиешелүү жардам берүү команын алдын алып, оорулуунун өмүрүн сактап калат. Кома болгон адам терең уйкуда жаткандай сезилет, эсинен танып чөйрөгө реакция болбойт, көздүн кареги кеңейет, кыркырап тез-тез дем алат. Кээде кан басымы төмөндөп, коллапс пайда болот.
7-сап:
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Ден соолук]]