Таранчы сымалдар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link, fix latin script
м + link
 
1-сап:
[[Файл:Pardalotus with nesting material.jpg|thumb|''Pardalotus striatus''.]]
'''Таранчы сымалдар''' ([[Латын тили|лат.]] Passeriformes, [[L.]] 1758) – [[Канаттуулар|куштардын]] чоң [[Түркүм|түркүмү]]. Сырткы түзүлүшү, жашоо шарттары жана азыктануусу, (азыгын табуу жолу боюнча) бир топ айырмаланышат. Көбүнчө майда жана орточо чоңдуктагы канаттуулар. Көпчүлүгүнүн эркеги ургаачысынан чоңураак болот. Түсү боюнча жыныс диморфизми ачык байкалат. Даракта, бадалда тиричилигин өткөрүүгө ыңгайланган. Кайсы бири жер үстүнө же болбосо аска-зоодо жашоого экинчи ирет өткөн деген божомол бар. Кээ бирлери азыгын суудан табат. 5 миңден ашык түрлөрү, 4 түркүмчөсү бар: мүйүз тумшуктар, тирандар, жөнөкөй жана сайроочу Т. кеңири таралган космополиттер (Антарктидада жана кээ бир океандык аралдарда гана жок). Тропик [[токой|токойлордо]] өзгөчө өтө көп санда болушат. [[Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги|КМШ]]да 300гө жакын түрү уялайт. Кадимки сайроочу чымчыктардын эң эле негизги тукумдары: [[чабалекейлер]] (HiruninidaeHirundinidae), чымынчылар (Murcicapidae), [[борбаштар]] (Laniidae), кузгун-каргалар ([[Corvidae]]) – кузгун, карга, сагызган, үрпөк таандар, кызыл тумшук, көк моюн таан, чөкө таан жана башка, кашка чымчыктар (Laniidae), жылкычы чымчыктар (Motacilidae), торгойлор (alandida). Бардыгы моногамдар. Жумурткасын ургаачысы жана эркеги басып чыгарышат жана балапандарын багышат.
 
Т-га чебердик, кылдаттык менен курган уялар мүнөздүү, бул жагынан кээ бир түрлөр өзгөчө (мисалы, куркулдайлар, турумтайлар, өрмөкчүлдөр жана башка) уясын курган жерлер ар түрдүү. Көп түрү уясын жерге, башкалары ийинде, таштын үстүнө жана аска жаракаларында уялашат, көбү дарак бутагына жана көңдөйүнө, имараттарга (мисалы, чабалекейлер) уялашат.