'''Мутагендер''' ([[мутация]] жана [[грек тили|гр.]] [[genes|ген|genes]] - туулган, пайда болгон; туудургуч, пайда кылгыч) - тирүү [[организм|организмдерге]] таасири спонтандык мутациялардын жыштыгынын деңгээлинен жыш мутацияларды пайда кылуучу [[физикалык|физ.]] жа [[химиялык|хим.]] факторлор. Физ. М-ге жогорку жана төмөнкү темп-ра, ультракызгылткөк жана иондоштуруучу нурлануулардын бардык түрлөрү (гамма жана рентген нурлары, протондор, нейтрондор ж.б.); ал эми [[химиялык|хим.]] М-ге - алкилдештирүүчү, нуклеин к-таларынын азоттук негиздерине окшош кошулмалар, биополимерлер (чоочун [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНК]] же [[РНК]]) кирет. Мутациялардын жыштыгын 1000 эсе жогорулатуучу М. күчтүү М. (супермутагендер) деп аталат. М-дин көпчүлүгү канцерогендер жана тератогендер болуп саналат.