Microsoft Windows: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→Версиялары: Шилтемелер кошулду, Windows7 Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү |
м Маалымат жаңыртылды. |
||
16-сап:
}}
'''Microsoft Windows''', же жөн эле '''Windows''' — Microsoft компаниясы тарабынан иштелип, базарга алып чыгарылган жана сатылган графикалык операциондук системдердин үлкөн биримдиги. Ал операциондук системдердин бир нече үй-бүлөсүнөн турат. Алардын ар бири эсеп өнөр-жайынын белгилүү бир багытын IBM PCге ылайыктуу түзүлүш менен байланышкан операциондук систем (OS) менен камсыздайт. Иштеп жаткан Windows үй-бүлөсүнө Windows NT жана Windows Embedded кирет; буларга бутактама биримдиктер кириши мүмкүн. Мисалы, Windows Embedded Compact (Windows CE) же Windows Server. Ишин токтоткон Windows үй-бүлөлөрүнө Windows 9x, Windows Mobile жана Windows Phone кирет.
Microsoft 1985-жылдын 20-ноябрында Windows деп аталган операциондук чөйрөнү сунуштаган. Бул графикалык колдонуучу интерфейсине (GUI) болгон кызыгуунун өсүшүнө жооп катары чыккан MS-DOS үчүн графикалык операциондук систем кабыгы болгон. Microsoft Windows 1984-жылы киргизилген Mac OSтон ашып, дүйнөнүн жеке компүтерлер (PC) базарында 90 пайыздан ашыгын ээлеп, үстөмдүк кылып калган. Apple компаниясы Lisa жана Macintosh сыяктуу продукцияларында ишке ашырылып жаткан GUI өнүктүрүүдөгү ачылыштарына Windows адилетсиз кол салып жатат деп эсептей баштаган (акыры 1993-жылда сот Microsoft команиясынын пайдасына чечкен). PCлерде Windows дагы эле абдан популярдуу операциондук систем болуп саналат. Ошондой болсо да, Android смартфондордун сатылышы массалык түрдө өскөнүнө байланыштуу 2014-жылы Microsoft жалпысынын операциондук систем базарынын көпчүлүк бөлүгүнөн кол жууп, ал Androidге өтүп жатканын мойнуна алган. 2014-жылы сатылган Windows түзмөктөрдүн саны Android түзмөктөрдүкүнө караганда 25 пайызга аз болгон. Бирок бул салыштыруу толугу менен байланыштуу деле болбошу мүмкүн, анткени эки операциондук система негизинен эки башка платформаларга багытталган. Ошентсе да, Windows серверин колдонуу саны (атаандаштарына салыштырмалуу) базардагы үлүштүн үчтөн бирин көрсөтөт. Бул сатып алып пайдаланган колдонуучулардын саны менен бирдей.
2016-жылдын сентябрына карата PC, планшеттер, смартфондор жана кыналган түзмөктөр үчүн Windowsтун эң акыркы версиясы Windows 10 болуп саналат. Сервердик компүтерлер үчүн акыркы нускасы Windows Server 2016 болуп эсептелет. Windowsтун адистештирилген версиясы Xbox One видео оюн консолунда иштейт.
== Тарыхы ==
Line 41 ⟶ 40:
[[Категория:Програмдык жабдыктар]]
[[Категория:Иштетүү системдери]]
[[Категория:Маалымат технологиялары]]
[[Категория:МТ]]
[[Категория:Операциондук системдер]]
|