Жибек көпөлөктөрү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Bombyx mori1.jpg
+ links
 
1-сап:
[[Файл:Bombyx mori1.jpg|thumb|[[Тыт жибек көпөлөгү]] (''Bombyx mori'').]]
'''Жибек көпөлөктөрү''' ([[Латын тили|лат.]] Bombycidae) – [[көпөлөктөр]] тукуму. Бул көпөлөктөрдүн эжеке бээ саасынын (гусеницасы) куурчакчага айланардан мурда жибек жип бөлүп чыгарып, ага өзү оронуп, пиллага айланат. Денеси муунактуу, алдыңкы канаты кайкы; оозу рудименттүү, муруттары тарамданып турат. 300дөй түрү белгилүү. Жибек көпөлөктөрүнун эжеке бээ саасынын жип безинен бөлүнүп чыгуучу буласы ([[жибек]] жип) – татаал амин кислоталар комплекси. Ал жип туруктуу фиброинден туруп, сырты эрип кетүүчү серицин менен капталган. Анын 20га жакын түрү бар. Жибек көпөлөктөрүнүн ичинен (тыт жибек көпөлөктөрү) жибек пилласын түзүп, андан жибек жиби алынат, ал жибекчиликте пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө тыт жибек көпөлөктөрү, Кытай, Японияда эмен жибек көпөлөктөрү өстүрүлөт. Жибек көпөлөктөрүнүн жапайы түрлөрү бак-дарактарга зыян келтирет. Ошондуктан аларга каршы күрөшүү чаралары жүргүзүлөт. Жапайы тыт Ж. к. мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган.
 
==Колдонулган адабияттар==