Кырым татарлары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''КрымКырым татарлары''' - түрк тилдүү элдин аталышы. КрымКырым жарым аралынын түпкү, жергиликтүү калкы. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында батыш, хунну тобунун кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Акыркы маалыматтар боюнча бул элдин жалпы саны 500 миң чамалуу. II дүйнөлүк согуш мезгилинде сталиндик репрессияга дуушар болушкан. Калктын дээрлиги Өзбекстан, Казакстан, Урал тарапка зордоп (депортация) көчүрүлгөн. КрымКырым татарлары этностук бир жалпылыкты түзүшкөн эмес. Жарым аралдын деңиз жээк аймактарын байырлагандар «крымкырым татарлары» деп аталат. Түздүктөгү жашаган калк, өзгөчө Керч (Кериш бет) жарым аралындагылар өздөрүн «ногай», «ногайцы» же 13-к. чингизид Ногой нойондун урпактары экендигин белгилешет. КрымдынКырымдын чөл тарабындагылар, көчмөн жана жарым көчмөн шартта жашагандары «кыпчак» (кыпшак) деген ат менен белгилүү. Тоолуу аймактарды мекендегендер тат же таттар (татлар) деп аталышат. Жарым аралдын түпкү калкы өздөрүн «татар» деп аташкан эмес. «Татар» же «крым татарлары» сырттан берилген, таңууланган ат, экзоэтноним. 17-к. акындар өздөрүн «кыпчак» элинин өкүлдөрү деп жазышканы маалым. Бүгүнкү күнү да улуу муундун өкүлдөрү элдин «кыпчак», «ногой», «крымкырым түрктөрү», «крымдыктаркырымдыктар» деп аташкандыгын эскеришет. Тарыхый маалыматтар «крымкырым татарлары» деген энчилүү аттын [[КрымКырым хандыгы]] доор сүргөн мезгилинде калыптангандыгын чагылдырат. Бул субэтностук топтордун диалектилеринен орто крымкырым татар адабий тили калыптана баштаган. Деңиз боюнда жашаган калкта огуз тилинин тийгизген таасири чоң. Ал эми жарым аралдын калган бөлүгүндө кыпчактар негизги ролду ээлешкен. Бүгүнкү крымкырым татар тили коомдук функцияны толук канааттандырат.
 
Жарым аралды түрк тилдүү уруулар б.з. 7-к. (хазарлар, болгарлар жана башкалар), андан соң печенектер, 10-к. кыпчактар өздөштүрө башташкан. 12-к. Алтын Ордонун курамына кирет. Мамлекеттин калкынын негизин кыпчак тилдүү уруулар түзгөн. 1443-ж. КрымКырым хандыгы негизделип, 1477-ж. 1778-ж. чейин Осмон империясына вассалдык көз каранды абалда болгон. 1778-ж. орустар басып алгандан соң, жарым аралга славян, грек, еврей, кавказ улутундагылар көчүп келе баштаган. 1921-ж. Крым Автономиялуу республикасы негизделип, 1944-ж. жоюлган. Депортацияга кабылган крымкырым татарлары учурда өз тарыхый мекенине көчүп барышууда. КрымКырым татар жана кыргыздардын этностук-маданий алакаларын уруу-урук, жер-суу, эн тамга аталыштарындагы, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндөгү жалпылыктар чагылдыра алат. КрымКырым татарларынын курамында «бүйүк кыргыз» (чоң кыргыз), «кичиг кыргыз» (кичүү кыргыз) аттуу уруулар бар. «Кыргыз», «казак-кыргыз» эн тамгалары жөнүндө таанымал аалым [[Акчокраклы Осман|А.Акчокраклы]] өз мезгилинде жазгандыгы белгилүү. Маалыматтар бул аймакта «кыргыз» топонимдери да кездешерин баяндайт. Илимде кыргыздардын этностук жүзүнүн, тилинин калыптанышында ногой-кыпчак (ногайлы) доорунун ролу жөнүндө иликтөөлөр белгилүү.
 
==Колдонулган адабияттар==