Ген: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary |
м + link (remove duplicate links |
||
1-сап:
[[Файл:DNA_transcription.png|300px|thumb| ДНК [[Транскрипция (ДНК)|транскрипциясынын]] схемасы.]]
'''Ген''' — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде [[Хромосома|хромосомалардын]] курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу [[Г. Мендель]] ачкан. 1909-ж. дания илимпозу [[В. Иогансен]] аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог [[Т. Морган]] жана анын окуучулары тукум куугучтуктун [[Хромосома|хромосомалык]] теориясын иштеп чыккан. Ошондон кийин гендердин
[[ДНК молекуласы|ДНКнын молекуласы]] бир-бири менен дал келишип, спиралдай буралышкан эки тизмек нуклеотиддерден — айрым бөлүктөрдөн турат.
1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары [[Г. Корана]] 1-жолу генди химиялык [[синтез]] жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү [[ДНК молекулалары|ДНКнын молекулаларын]] жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.
|