Ген: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link (remove duplicate links |
м fix links |
||
2-сап:
'''Ген''' — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде [[Хромосома|хромосомалардын]] курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу [[Г. Мендель]] ачкан. 1909-ж. дания илимпозу [[В. Иогансен]] аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог [[Т. Морган]] жана анын окуучулары тукум куугучтуктун [[Хромосома|хромосомалык]] теориясын иштеп чыккан. Ошондон кийин гендердин хромосомада бир-бири менен чырмалышып жайгашып, чогуу бойдон укумдантукумга бериле тургандыгы, ошондой эле гендин химиялык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр өзгөрүчтүккө алып келери да аныкталган. 1944-ж. америкалык илимпоздор жана 1953-ж. [[Ф. Крик]] менен [[Ж. Уотсон]] [[ДНК|ДНКнын]] түзүлүшү менен касиеттерин изилдегенден кийин гана укумдан-тукумга берилүүчү тукум куума зат белок эмес, ДНК — [[Дезоксирибонуклеин кычкылтыгы|дезоксирибонуклеин кычкылтыгы]] болуп, анын молекуласынын бөлүгүндө ген болору толук аныкталган.
[[ДНК
1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары [[Г. Корана]] 1-жолу генди химиялык [[синтез]] жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү [[ДНК молекулалары|ДНКнын молекулаларын]] жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.
|