'''Плазмидалар''' - [[Клетка|клеткада]] автономиялуу [[хромосома]] менен байланышпаган туруктуу абалда жашоого жөндөмдүү генетикалык элементтер, тукум куучулуктун [[хромосома|хромосомадан]] тышкаркы шарты. П. термини Дж. Ледерберг тарабынан 1952-ж. сунуш кылынган. Хромосома менен биригүүгө жөндөмдүү плазмиданы эписома деп аташат. П-га клеткалык органоиддердин ([[митохондриялар]], [[пластидалар]]) генетикалык аппараты, ошондой эле алардын клеткаларынын тиричилиги үчүн абдан зарыл эмес чиркелүү топтору кирет. Бактериялык П. - шарттардын жетилиши (фертилдүүлүк) (F-шарты), колициногендик (Col-шарты), дары заттарына туруктуулук (R-шарты) шарттары, профагдар жана башка көбүрөөк изилденген. Мисалы, F-шарты, кээ бир Col жана R-шарттары клеткаларга конъюгация процессинде гендерди өткөрүп берүү жөндөмдүүлүгү ж-дө маалымат берет. Col - шарттары бактериоциндерди жаратат (продуциялайт), R - шарттары клетканы сульфаниламиддик препараттарга же антибиотиктерге туруктуулугун жогорулатат. Көпчүлүк П-дын молекулалык салмагы 106-108 барабар, [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНКнын]] эки тизмектүү шакек түрүндөгү молекуласы. Алар тирүү клеткаларда кеңири таралган ж-а генетикалык изилдөөлөрдө (өзгөчө генетикалык инженерияда чоочун ДНКларды ташуучу ар кандай [[молекула|молекулалардын]] негизги курамдык бөлүктөрү катары) көп колдонулат. П. аркылуу аныкталуучу [[бактериялар|бактериялардын]] дары препараттарына туруктуулугун жоюу жолдорун издөө да абдан актуалдуу.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4