Жантай Баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
added his story
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
8-сап:
1860-жылы Бишкектеги кокондук бийлик башчысы Атабек датка Жантайга кысым көрсөтүү үчүн каармандыгы жана курчтугу менен атагы таш жарган анын жыйырма жаштагы уулу Шабданды барымтага алган. Чындыгында сарбагыштардын келечекте Россиянын коргоосуна өтүп кетиши жөнүндө ой Кокон хандыгын тынчсыздандырган. Кокондо Шабданды эркелетишип, Малла хан ага алтын жалатылган кылыч жана мылтык, ошондой эле жибек чепкен тартуулаган.
Кыргыздын тектүү өспүрүмү 1860-жылы Узун-Агачта жакшы куралданган орус армиясы менен болгон хандын аскерлеринин салгылашуусун өз көзу менен көргөн. Кокон сарбаздары чабуулдун башталышында эле орус замбиректеринин добулдай бүрккөн огуна дуушар болуп, үрөйлөрү учуп качып жөнөгөн. Бул салгылашуу кокондуктардын Тундук Кыргызстандагы үстөмдүгүнө чек койгон. Кыргыздар хандыктын Россияга каршы туралбасына көздөрү жеткен. Коконго кандайдыр бир ылымдашууга негиз жок болучу. Кысым көрсөтүүдөн, тынымсыз салык алуудан, ошондой эле талап-тоноодон башка ал жактан эчтеке келчу эмес. Таразанын ташы Россияга ооп турган. Бул Жантай Карабеков менен анын уулу Шабдандын кийиңки жолун аныктаган. Алар ушул жолду тандап алуу менен, эч качан олку-солку болушкан эмес. Жантай Карабеков тарабынан уулуна берилген эстафета ишенимдүү колдо болгон. <br>
Бугу, сарбагыш, саяк ж.б. уруулардын ар бир жолку россиялык бийликке кайрылуусунун, албетте, жергиликтүү, кээде уруулук тар мүнөздөгү себептери бар эле. Бирок кайрылуулардын бардыгы башка жакка эмес, а Россияга гана жөнөтүлүп тургандыгы көп нерсени билдирген. Россия Ала-Тоонун, бүтүндөй Орто Азиянын саясый турмушунун ажырагыс түйүнү болуп калган. Мына ушундан башталган иштин айныксыз түп-максаты акыр-аягында кыргыздардын тагдыры үчүн тарыхый мааниге ээ болгон. <br>Жантай хандын он колу Жамансары(кее бир маалыматтарда Кенже)аябагандай бай болгон.Анын жылкылары сайдын суусун ичкенде,суу агымы азайчу.
Жамансарынын уч уулу болгон:Ысмайыл,Молдокан,Ысрайыл.
Молдокандын эки уулу:Асангул,Эсенгул
Асангулдун эки уулу: Капар, Сапар
Капардын уулу:Сыймык
Сапардын уулдары:Тариел,Даниел,Баел
<br>
{{no iwiki}}
[[Category:Кыргыз тарыхы]]