'''Айран''' - [[Сүт, (сүт азыктары)|сүттөн]] уютулуп жасалган кыргыздын эзелтеден келе жаткан тамагы. Бышырган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айран) салып, идиштин бетин жаап, жылуулап ороп, жарым күндөй (аба-ырайынын шартына, абанын даражасына ылайык 6-8 саат) коюшат. Айран байыртадан көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенген элдердин негизги тамагы болгон. Бул тууралуу жазма маалыматтарда да чагылдырылат. Андан сүзмө, ал эми сүзмөдөн курут жасалат. Айран сорпого кошулса - ак серке жана ала дөң, сууга кошулса - чалап, талкан кошулса аш айран деп аталары маалым.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О.Каратаев]], [[Эралиев, Салайдин Нуралиевич|С.Эралиев]]. [[Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк]].Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4