Арак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-"Манас" энциклопедиясы/ +"Манас" энциклопедиясы/)
м direct link
1-сап:
'''Арак''' — ачыган [[Сүт, (сүт азыктары)|сүттөн]] же [[Кымыз|кымыздан]] тартылган алкогол ичимдиги. <br />
 
Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] да арак жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, [[Радлов, Василий Васильевич|Радлов]] жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп сунуңар» (Радлов жазып алган вариант, 90-б.). Эпосто арак көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. Арак душман тараптагы терс каармандардын сүйүктүү тамагы катары сүрөттөлөт. Оң каармандар аны ичкенде: «Арак деген аш ичтим балдар, акылымы кошо ичтим балдар», — деп өзүн күнөөлөйт. Ырасында, арак ичүү менен оң каарман туура эмес жолго барат, адашат. Мисалы, Көкчө өзүнүн айланасындагы арам ойлуу бийлердин амал менен берген арагына мас болуп, [[Алмамбет]] менен чатакташып айлынан кетирет, [[Көзкамандар]] [[Манас баатыр|Манаска]] арак берип мас кылып, ууландырып өлтүрө албай калышат. Кырк чоро [[Жакып]] берген аракка кызып, [[Каныкей|Каныкейге]] каршы аттанышат.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
 
[[Категория: "Манас" эпосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Арак" булагынан алынды