Театр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
copy from duplicate Teaтp (id=214464)
links + Ana Maria Ventura como Altisidora en "La enamorada del rey" (1988).jpg
1-сап:
[[Файл:Ana Maria Ventura como Altisidora en "La enamorada del rey" (1988).jpg|thumb|Тeaтp.]]
'''Тeaтp''' (грекче theatron – оюн коюлчу жай; оюнтамаша) – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Тeaтpдын башаты айыл чарбасына, мергенчиликке байланышкан байыркы үрп-адат, көпчүлүк катышкан элдик салтанаттардан башталат. Байыркы Грекияда өзүнчө салттары, сахнада ойноо ыкмалары бар түрлүү Тeaтpлар болгон. Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө, Индия, Кытай, Индонезия, Япония ж. б. өлкөлөрдө оюн-зооктордун кызыктуу жана ар кыл формалары түзүлгөн. О. кылымда Батыш европ. кыдырма актёрлор, скоморохтор элдик Тeaтp чыгармачылыгынын өкүлдөрү болушкан. Кайра жаралуу доорунда Европадагы алгачкы профессионал Тeaтp – итал. элдик бет кеп комедиясы (дель арте комедия, 16–17-кылымдар) пайда болгон. Кайра жаралуу доорунан Тeaтpдын адабий мүнөзү артып, көчмөлүктөн шаардагы маданий борборлордо турук алууга өтө баштайт. Тeaтp искусствосунун чыгармасы – спектакль драмалык же музыкалык- сахна чыгармаларынын негизинде режиссёрдун (балетте – балетмейстер менен дирижёрдун, onepa, опереттада – режиссёр менен дирижёрдун) чыгармачыл оюна ылайык жана анын жетекчилиги менен актёрлордун, ошондой эле сүрөтчүнүн биргелешкен аракетинде жаралат.
 
Музыкалык театрда ([[опера]], [[балет]], [[оперетта]], [[мюзикл]]) кыймыл-аракет музыкалык драматургиянын каражаттары менен толукталып, ар бир түрүнүн көркөм образды туюндургуч (операда – ыр, балетте – бий ж. б.) өзгөчөлүгүнө багындырылат. Тeaтp өнөрүнүн башаты байыртан, элдик үрп-адат, салтанаттардан башталат. Алгачкы трагедиялык, комедиялык салт оюндарында (мистерия ж. б.) драманын элементтери, ыр, бий, маска, хор аралаш колдонулган. Акырындап ырымжырым, салттан бөлүнүп, өзүнчө оюн катары уюшулган. Актёр менен көрөрман болуп бөлүнүшү Тeaтpдын коомдук милдетин аныктаган. Бул процесс айрыкча Байыркы Грекияда даана байкалат. Анда б. з. ч. 5-кылымда эле Тeaтp элдик жыйындын очогуна айланган. Тeaтp өнөрүнүн адепки формаларында адамдын жеке өзгөчөлүгү эмес, типтүү мүнөздөрү сакталган. Андай өзгөчөлүк Батыш европалык кыдырма актёрлорго (гистрион, жон- глёр, орус скоморохтору ж. б.) мүнөздүү болгон. 14–16-кылымдарда бир катар өлкөдө (Италия, Франция, Германия ж. б.) Тeaтpдын аянтта ойнолчу формасы фарс өнүгүп, ал Кайра жаралуу доорунда туңгуч профессионал Тeaтpдын (16–17-кылымдарда Италияда Комедия дель арте) пайда болушуна алып келген. Чыгармачылык милдеттин кеңиши, тереңдеши Тeaтp өнөрүнүн жиктелишин шарттаган (16–17-кылымдарда – опера, 18-кылымдын ортосунда – балет, 19-кылымдын ортосунда – оперетта ж. б.).
 
Кайра жаралуу доорунда гумандуу маданият антикалык Тeaтpдын салтын уласа (У. Шекепир, М. Сервантес ж. б.), классицизмдин таралышы менен ички жана тышкы карама-каршылыкты, кыйынчылыкты жеңе билген каармандардын образдары жаралган. Россияда реализмдин өнүгүшүнө актёрлор – М. Щепкин, А. Ленский; драматургдар – Н. Гоголь, А. Островский; сынчылар – В. Белинский, Н. Добролюбов кыйла салым кошушкан. Реализм үлгүсүн өздөштүргөн Москва академиялык көркөм театры, анын режиссёрлору – К. Станиславский, В. Немирович-Данченко оюн коюунун жаңы көркөм каражаттары менен Тeaтp искусствосун байытты. Октябрь революциясы Тeaтpдын өнүгүшүнө кенири жол ачты. Тeaтpдын классикалык салты социалисттик революциянын идеялык, агартуучулук милдети үчүн кызмат өтөөгө багындырылды. Улуттук Тeaтp искусствосунда социалисттик реализми өрүш алды.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Театр" булагынан алынды