Difference between revisions of "Пакистан"

link + template
(link + template)
[[Файл:Flag of Pakistan.svg|thumb]]
[[Файл:Map of Pakistan2.svg|thumb|Пакистан.]]
'''Пакистан''', Пакистан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – [[Түштүк Азия|Түштүк Азиядагы]] мамлекет. Түштүк-батышынан [[Иран]], батышынан, түндүк-батышынан [[Афганстан]], түндүк-чыгышынан [[Кытай]], чыгышынан [[Индия]] менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км<sup>2</sup> (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – [[Исламабад]] шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупийи.
 
Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
{{Азия өлкөлөрү}}
[[Категория:Азия өлкөлөрү]]
25,678

edits