Коломбо (Шри-Ланка): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Colombo2.jpg
м + link
1-сап:
[[Файл:Colombo2.jpg|thumb|Коломбо.]]
'''Коломбо''', Коламба — [[Шри-Ланка]] арал мамлекетиндеги шаар, Батыш провинциянын административдик борбору. 1983-ж. өлкөнүн борбору ШриДжаяварденепура-Котте шаарына расмий көчүрүлгөн. Шри-Ланка аралынын түштүк-батыш жээгинде, Келани дарыясынын чатында жайгашкан. Инди океанындагы маанилүү деңиз жолдорунун кесилишиндеги порт (дүйнөдөгү эң чоң жасалма гавань, аянты 2,25 млн м<sup>2</sup>). Өкмөт жана президент жайы. Калкы 678 миң (2008, шаар айланасы менен Чоң Коломбо шаар агломерациясын түзөт; калкы 2,5 млн). Шаарды көптөгөн каналдар түйүнү кесип өтүп, Коломбону Бейра көлү (шаардын борборунда жайгашкан) менен туташтырат. Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Коломбонун түндүк жана түндүк-чыгыш административдик чек арасы Келани д. аркылуу өтөт.
 
8-кылымдан араб көпөстөрүнүн Каланпу деген аталыштагы кыштагы, 14-кылымдан Колонтота деген ат менен маанилүү соода борбору катары белгилүү. Ушул эле жерде 1517-ж. португалдар Коломбо фортун негиздешип, 1593-ж. X. Колумбдун урматына аташкан. Коломбо 1802-жылдан Цейлон мамлекетинин, 1948-жылдан Цейлон доминионунун, 1972-жылдан Шри-Ланка Республикасынын борбору. Шаарда өлкөнүн финансы банк, камсыздандыруу ишканаларынын штабквартиралары жана Чоң Коломбодо Шри-Ланкадагы 6 эркин экономикалык зонанын бешөө жайгашкан. Тамак-аш (корица жана башкалар татымалдар), жеңил (булгаары буюм, кездеме жана башкалар), химиялык (пластмасса, жер семирткич жана башкалар), кеме куруу жана ремонттоо, бут-кийим, металлургия, машина куруу (станок жана анын жабдуулары), айнек өнөр жайы ишканалары, шина заводу иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук ИА, университеттер (анын ичинде Видьяланкара будда), мамлекеттик илимий-изилдөө департаменти жана институттары (анын ичинде Улуттук кеңеш, өнөр жайы жана башкалар), медициналык институт, коллеждер (музыка, бий жана башкалар), Улуттук музей (анын астында китепкана ачылган; анда тарыхый баалуу китеп, журналдар жана кол жазмалар сакталган), улуттук архив, обсерватория (1907), китепканалар, сүрөт галлереясы, театрлар жана башкалар бар. Фестивалдар (цирк артисттеринин Кэнди Эсала Перахера, августта; буддага арналган Дуруту Перахера, январда), чай аукциону (дүйнөдөгү эң ири) өткөрүлүп турат. Коломбодон түштүктө зоопарк уюштурулган. Аралдын тропиктик кооз табиятына байланыштуу туризм өнүккөн.