Карантин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Карантинный пункт (1).JPG + ICS Lima.svg
1-сап:
[[Файл:ICS Lima.svg|thumb|Карантин.]]
'''Карантин''' (италянча quaranta giorni – кырк күн) медицинада – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек жана башка) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14-кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет жана өлкө аймагы жана башка алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. Ветеринарияда – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү жана аны алдын алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан ветеринардык уставда жана инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин коюлат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө жана ылаң чыккан жердин ыңгайына жана башка кошумча факторлорго карата аныкталат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт жана киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары менен чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү жана тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол станциясына, аэропортко, көлдөгү, портторго карантин коюлса, Айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринардык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, областтык. жана ветеринардык уюмдар убактылуу атайын ветеринардык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, ветеринардык инструкцияга таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими менен алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин Эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
[[Файл:Карантинный пункт (1).JPG|thumb|Карантин.]]
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
[[Файл:President Nixon welcomes the Apollo 11 astronauts aboard the U.S.S. Hornet.jpg|thumb|Карантин.]]
'''Карантин''' (италянча quaranta giorni – кырк күн) [[Медицина|медицинада]] – жугуштуу оорулардын ([[чума]], [[холера]], [[чечек]] жана башка) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар жыйындысы.
 
'''Карантин''' (италянча quaranta giorni – кырк күн) медицинада – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек жана башка) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14-кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет жана өлкө аймагы жана башка алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. Ветеринарияда – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү жана аны алдын алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан ветеринардык уставда жана инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин коюлат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө жана ылаң чыккан жердин ыңгайына жана башка кошумча факторлорго карата аныкталат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт жана киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары менен чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү жана тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол станциясына, аэропортко, көлдөгү, портторго карантин коюлса, Айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринардык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, областтык. жана ветеринардык уюмдар убактылуу атайын ветеринардык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, ветеринардык инструкцияга таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими менен алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин Эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Медицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Карантин" булагынан алынды