"Талаа" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

remove part Өсүмдүктөр (1 article, 1 subject only) + Field Hamois Belgium Luc Viatour.jpg
м (Робот: Автоматизированная замена текста (-Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14...)
(remove part Өсүмдүктөр (1 article, 1 subject only) + Field Hamois Belgium Luc Viatour.jpg)
[[Файл:Field Hamois Belgium Luc Viatour.jpg|thumb|Талаа.]]
'''Талаа''' – ксерофиттик мүнөздөгү [[өсүмдүктөр]] үстөмдүк кылган өсүмдүктүүлүк. Боздоң, дүңгөлүү Т., акырындап сейрек [[бадал|бадалдуу]] Т-га, ал эми экинчи чөлгө айланат, кээ бири болсо бирин-серин болгон, жалбырактары күбүлүп түшкөн [[токой]] сымалдуу жана ар түрдүү өсүмдүктөрдүн тобу: мисалы, [[пияз|пияздар]] , ыраңдар, кургакчылыкка жана сууктукка чыдамдуу көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнөн турган [[өсүмдүк]] үстөмдүк кылат. Эреже боюнча экватордун багыты менен боздоң дүңгөлүү Т. жаан чачындын санынын азайышы менен чөлгө айланат. Т-лар узакка созулган ысык жайдын, аздыр­көптүр суук кыштын таасиринен жана 200дөн 500 ммге чейин жеткен жаан­чачын жааган жерлерге мүнөздүү. Талаалар [[Евразия|Евразияда]] көптөгөн аянтты ээлейт. Талаалардын аналогдору болуп Түндүк Америкадагы прериялар, Түштүк [[Америка|Америкадагы]] пампастар, Жаңы [[Зеландия|Зеландиядагы]] туссопов дан өсүмдүктөрүнүн коомдоштугу саналат. Т-дагы өсүмдүктөр кара жана кочкул­күрөң топурактуу жерлерде өсөт. Бул жерлерде негизинен көпчүлүк учурларда дүңгөлүү көп жылдык дан өсүмдүктөрү (бетеге, тулаң, жылган, тоо сулуу, коңурбаш жана башка) дүңгөлүү ыраңдар, сейрегирээк пияздын түрлөрү; сейрек бадалдар (табылгы, алтыгана, бадам жана башка) кездешет. А. ч-сынын өнүгүшүнө байланыштуу көпчүлүк талаалар айдалып, ал жерлерде маданий өсүмдүктөр эгилип, табигый [[өсүмдүк]] өскөн Т. коруктарда, тоолордо гана сакталып келет.
 
[[Тоют өсүмдүктөрү]] – малга тоют үчүн өстүрүлүүчү бир жылдык, эки жылдык же көп жылдык [[өсүмдүктөр|өсүмдүктөр.]]. Т. ө-нө тоют чөптөр, тамыры азык жана түймөк тамырлуу тоют өсүмдүктөр; тоюттук бакча өсүмдүктөрү, силостук өсүмдүктөр, дан жана чанактуу өсүмдүктөр жана башка кирет. Т. ө. которуштуруп эгүү жолу менен өстүрүлөт. Туруктуу тоют базасын түзүүдө Т. ө-нүн мааниси чоң. Тоют чөбүнүн бир жана көп жылдык дан жана чанактуу өсүмдүктөр тоюттук тамыры азык өсүмдүктөрдөн, тоюттук сабиз, брюква, тоют кызылчасы, турнепс, жана башка; тоюттук түймөк тамырлуу өсүмдүктөрдөн картошка (тоюттук сорту), жер алмурут жана башка, тоюттук бакча өсүмдүктөрүнөн тоюттук дарбыз, ашкабак; силостук өсүмдүктөрдөн [[жүгөрү|жүгөрү,]] [[күн карама|күн карама,]] тоют [[капуста|капустасы]] , күздүк чамгыр жана башка эгилет. Көк тоют (буурчак, соя жана башка) жана дан (арпа, сулу жана башка) өсүмдүктөрү; жем алуу үчүн чанактуу дан өсүмдүктөрүнөн жер буурчак, буурчак жана башка дан өсүмененөн арпа, сулу, жүгөрү жана башка өстүрүлөт.
[[Өсүмдүктөр]] (Plantae, Vegetabilia) – клеткасы целлюлозадан турган тыгыз кабыктуу, күн нурун пайдаланып орг. эмес заттардан орг. заттарды синтездөөчү [[организм|организмде]]р. Ө. башка жандуу орг-ден айырмаланып фотосинтез жана ага байланышкан физиол-к жана [[биохимия|биохимиялык]] процесстер жүрөт. Ө-дүн жаныбарлардан эң маанилүү айырмасы – автотрофтуу азыктанышында. Ө. түрдүү ыкмада азыктанат: жашыл Ө-гө [[фотосинтез]] мүнөздүү; айрымдарынын азыктануусу гетеротрофтуу (сапрофиттер жана мителер). Көпчүлүк Ө. ар кандай милдет аткаруучу ткань жана органдардан (жалбырак, сабак, тамыр жана башка) турат; споралар аркылуу же вегетативдик жол менен көбөйөт. Клеткаларында пластидалар (хлоропласттар, хромопласттар, лейкопласттар) болот; клетка өзү тыгыз целлюлоза кабыкчасы менен капталган. Кургактыкта эң алгач жалбыраксыз Ө. – псилофиттер, кийин папоротник сымалдар (дарак сымал плади, кырк муун, папоротниктер) пайда болгон. Алар 250–270 млн жыл өсүп, таш көмүр кенин пайда кылган. Палеозойдо уруктуу папоротниктер пайда болуп, кийинки 100 млн жыл басымдуулук кылган жылаңач уруктуу Ө-дүн жаралышына түрткү болгон. Ө-дө (жылаңач уруктууларда) уруктун пайда болушу чоң [[Эволюция (биология)|эволюциялык]] бурулуш болгон. Бор мезгилинин башында жабык уруктуу Ө. таралган. Аларда гүл менен мөмөнүн пайда болушу [[Эволюция (биология)|эволюциялык]] өнүгүүдөгү дагы бир чоң бурулуш болгон. Азыр Ө. Ө-дүн 350 миңден ашуун түрү белгилүү. Алар жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү Ө-гө, систематикалык категорияларга бөлүнөт. Жөнөкөй түзүлүштүү Ө-дүн (мисалы, балыр, эңилчек) ткань жана органдары болбойт. Татаал түзүлүштөргө ткань жана органдары өнүккөн жылаңач жана жабык уруктуу Ө., ошондой эле мохтор кирет. Уруктуу Ө. (жылаңач жана жабык) өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Жылаңач уруктуулардын 600гө жакын түрү бар. Көпчүлүгү дарактар, айрымдары бадалдар. Жабык уруктуулар тиричилигине, формаларына жараша дарак, бадал, көп жана бир жылдык чөп, лиана, суккуленттер, эпифиттер жана башка урук үлүшүнө жараша бир же эки үлүштүү Ө-гө бөлүнөт. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] Ө-дүн 3,5 миңден ашуун түрү өсөт алардын айрымдары [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] гана өсөт (эндем) же башка жерде өтө сейрек кездешет. Азыркы учурда адам Ө-дүн 20 миңге жакын гана түрүн пайдаланып, алардын ичинен 1,5 миңге жакыны өстүрүлмө Ө. Ө-дөн азык­түлүк, техникалык сырье, дары­дармек, тоют жана башка алынат. Акыркы мезгилде табигый Ө-дү рационалдуу пайдаланбагандыктан, алардын айрым түрлөрү жок болуп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан аларды коргоо максатында атайын эл аралык закондор, актылар кабыл алынууда. [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Кызыл китеп|Кызыл китебине]] 65 түрү катталган.
 
[[Тоют өсүмдүктөрү]] – малга тоют үчүн өстүрүлүүчү бир жылдык, эки жылдык же көп жылдык [[өсүмдүктөр|өсүмдүктөр.]] Т. ө-нө тоют чөптөр, тамыры азык жана түймөк тамырлуу тоют өсүмдүктөр; тоюттук бакча өсүмдүктөрү, силостук өсүмдүктөр, дан жана чанактуу өсүмдүктөр жана башка кирет. Т. ө. которуштуруп эгүү жолу менен өстүрүлөт. Туруктуу тоют базасын түзүүдө Т. ө-нүн мааниси чоң. Тоют чөбүнүн бир жана көп жылдык дан жана чанактуу өсүмдүктөр тоюттук тамыры азык өсүмдүктөрдөн, тоюттук сабиз, брюква, тоют кызылчасы, турнепс, жана башка; тоюттук түймөк тамырлуу өсүмдүктөрдөн картошка (тоюттук сорту), жер алмурут жана башка, тоюттук бакча өсүмдүктөрүнөн тоюттук дарбыз, ашкабак; силостук өсүмдүктөрдөн [[жүгөрү|жүгөрү,]] [[күн карама|күн карама,]] тоют [[капуста|капустасы]] , күздүк чамгыр жана башка эгилет. Көк тоют (буурчак, соя жана башка) жана дан (арпа, сулу жана башка) өсүмдүктөрү; жем алуу үчүн чанактуу дан өсүмдүктөрүнөн жер буурчак, буурчак жана башка дан өсүмененөн арпа, сулу, жүгөрү жана башка өстүрүлөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
[[Категория: БиологияБотаника‎]]
25 685

edits