Обь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
оформление
1-сап:
{{Дарыя
|Аталышы = Обь
|Расмий аталышы =
|Сүрөт =
|Сүрөттүн аталышы =
|Узундугу =
|Бассейндин аянты =
|Бассейн =
|Суу чыгымы =
|Өлчөө жери =
|Башаты =
|Башаттын орду =
|Башаттын бийиктиги =
|s_lat_dir = |s_lat_deg = |s_lat_min = |s_lat_sec =
|s_lon_dir = |s_lon_deg = |s_lon_min = |s_lon_sec =
|Аягы =
|Аягынын орду =
|Аягынын бийиктиги =
|m_lat_dir = |m_lat_deg = |m_lat_min = |m_lat_sec =
|m_lon_dir = |m_lon_deg = |m_lon_min = |m_lon_sec =
|Дарыянын агымы =
|Өлкө =
|Регион =
|Түрмөктөр Уикиказынада =
}}
'''Обь''' – Батыш Сибирдеги дарыя. Дүйнөдөгү ири дарыялардын бири; суусунун молдуулугу боюнча Түндүк Азиядагы Енисей, Ленадан кийинки 3-дарыя. Алтайдагы Бий жана Катын дарыясынын кошулушунан түзүлүп, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу жайык өрөөн менен көп салааларга бөлүнүп агат. Кара (Карск) деңизинин Обь колтугуна куярда аянты 4 миң км2 келген дельтаны пайда кылат. Узундугу 3650 км (Иртыштын башталышынан 5410 км), алабынын аянты 2990 миң км2. Негизги куймалары: Томь, Чулым, Кеть, Тым, Вах ж. б. (оң); Васюган, Чоң Юган, Иртыш, Түндүк Сосьва ж. б. (сол). Орточо чыгымы Барнаул шаары тушта 1420 м3/секдан, Салехард шаары тушта 12 300 м3/сек, эң көбү 42 800 м3/сек. Негизинен кар суусунан куралат. Суусу жогорку агымында апрелден июлга, төмөнкү агымында сентябрга чейин ташкындайт. Жылына 16 млн т шиленди агызып келет. Жогорку агымы ноябрда тоңуп, апрелде, төмөнкү агымы июндун башында ачылат. Кеме жүрөт. Обь дарыясында Новосибирск ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Алабынан Барнаул, Камень-на-Оби, Новосибирск, Колпашёво, Стрёжевой, Нижневартовск, Мегион, Сургут, Нефтеюганск, Лабытнанги шаары орун алган.
[[Категория:География]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Обь" булагынан алынды