Байчечекейлер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м + links
1-сап:
[[Файл:Aconito lycoctonum neapolitanum ENBLA01.JPG|thumb|''Aconitum lycoctonum neapolitanum''.]]
'''Байчечекейлер''' ({{lang-la|Ranunculaceае}}) – [[өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] эки үлүштүүлөр классындагы [[тукум]]. Бир же көп жылдык чөптөр, айрымдары лианалар. Сабактары түз өсөт, кээде түп жагы жантайыңкы, бийикт. 20-150 ''см''ге жетет, түктүү же түксүз, бутактуу же бутаксыз. Жалбырактары кезектешип жайгашкан, формалары ар түрдүү, жээги тегиз, көпчүлүгүнүкү манжадай бир, эки ирет тилкелүү, негизинен алар тамыр моюнчасына топтолгон. Топ гүлү калемчедей, жаачадай, шыпыргыдай, көп учурда жалгыздан. Гүлдөрү туура же туура эмес ([[Уу коргошун]], [[бүтөө]]) түзүлүштүү, адатта беш желекчелүү, сары, ак, көгүш, кочкул көк, көгүш кызыл, гүлгүн кызыл болот. Аталыгы көп, үстүңкү энеликтүү, бир же көп мөмө жалбыракчадан турат. [[Мөмө|Мөмөсү]] – бир же көп уруктуу жапыракча. 1500 ашуун түрү негизинен жердин мелүүн алкагында таралган.

[[Кыргызстан|Кыргызстанда]] Б-дин 22 уруусу 110 түрү өрөөндөн тартып мөңгүнүн этегине чейинки өсүмдүктүүлүктүн бардык тибинде таралган. Көпчүлүк түрүндө алколоиддер, гликозиддер бар, айрымдары уулуу чөптөр (Уу коргошун, Уу байчечекей). [[медицина|Медицинада]] (Уу коргошун, Тармал чөп, адонис), элдик медицинада (ак кодол, уу коргошун) колдонулат. Кээ бир түрлөрү кооз (бүргүн, троллиус, байчечекей, чымылдык), гүлзарларда өстүрсө болот.
 
==Колдонулган адабияттар==