Кытай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
69-сап:
==Калкы==
Кытайда 56 этностук топ расмий катталган. Сина-тибет тилдеринде сүйлөгөндөр өлкөнүн калкынын 94,3/ин түзөт, анын 91,5°%и кытайлар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түштүк-Батыш Кытайда жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түштүк Кытайда) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түштүк Кытайда) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен түндүк жана Түндүк-Батыш Кытайда) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу, өзбек, татар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түндүк-чыгышында) 0,2% ти түзөт. ошондой эле Кытайдын түндүк-батыш чет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар), Түштүк Кытайда австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда австронезиялык-гаошандар жашайт. Кытайдын калкы дүйнөнүн калкынын <sup>1</sup>/<sub>5</sub> бөлүгүн түзөт.
Кытайдын калкынын санынын тез темп менен өсүшүнө байланыштуу (1953-жылы 594,4 млн; 1964-жылы 694,6 млн; 1982-жылы 1008,2 млн; 1990-жылы 1133,7 млн; 2000-жылы 1265,8 млн) өлкөдө төрөлүүяүтөрөлүүчү чектөө боюнча ырааттуу демографиялык саясат жүргүзүүгө туура келет. 1980-жылдардан бир балалуу үй-бүлөнү колдоо максатында төмөнкү комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда: ай сайын жөлөк пул төлөө, квартираны кезексиз алуу, баланы бала бакчада акысыз тарбиялоо, жогорку окуу жайларга кирүүгө, жумушка орноштурууда артыкчылыктарды берүү ж. б. Экинчи бала төрөлгөндө жогорудагы жеңилдиктер бүт алынып, ал үй-бүлөгө айып пул салынат. Кытайдын көп региондорунда кары курактагылардын көбөйө баштагандыгына байланыштуу 2007-жылы айрым үй-бүлөлөргө 2 балалуу болууга уруксат берилген. 1987-жылдан төрөлүүнүн саны кыскара башгаган (2007-жылы 1000 адамга 12,1 бала), өлүм-житим дээрлик туруктуу (2007-жылы 6,9). Калктын табигый өсүү темпи кыйла басаңдап, 2007-жылы 5,3тү түзгөн, бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден 2 эсе төмөн. Өлкөнүн демогр. саясатынын стратегиялык максаты 2040-жылы калктын санынын өсүшүн нөлгө жеткирүү (кытай демографтарынын эсеби боюнча Кытайдын калкынын саны 21-кылымдын орто ченинде 1,5—1,6 млрдга жетет). Расмий маалыматтар боюнча сырткы миграция сальдосу терс мааниде (1000 адамга 0,39); чет өлкөлөрдө 475 миң кытай жарандары убактылуу жашап (негизинен Япония, Сингапур, түштүк Корея ж. б. Азия өлкөлөрүндө контракт менен иштейт), 134 миң студент окуйт. Жашыруун эмиграциянын масштабы да зор.
Кытайда 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-59 жаш) 67,8%ти, 60 жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км<sup>2</sup> жерге 137 адам. Калк өлкөнүн чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы дарыясынын өрөөндөрүнө жана дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу жана чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак Тибет автономия району, 1 км<sup>2 </sup>жерге 2,3 адам туура келет).
Шаар калкынын үлүшү (2007-жылы 44,9%) айыл калкынын шаарга миграциясынын жана шаарлардын чегинин кеңейишинин (ошондой эле айыл-кыштактарга шаар статусун берүүнүн) эсебинен туруктуу өсүүдө. 2020-жылы шаар калкынын үлүшү 57%ке жетээри божомолдонууда. Кытайда 656 шаар, 20 миңге жакын шаарча бар (2007). Шаар калкынын <sup>1</sup>/<sub>2</sub>нен ашыгы борборго баш ийген шаарларда, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана айрым жээк провинцияларынын шаарларында жашайт. Кытайдын эң ири шаарлары (2009; шаар айланасы менен, миң адам): Шанхай (17 783), Пекин (12 230), Сянган (Гонконг; 9102), Чунцин (7707), Шэньян (Мукден; 6580), Тяньцзинь (6389), Гуанчжоу (Кантон; 5711), Сиань (5132), Ханчжоу (4917), Харбин (4885), Шаньтоу (4747), Ухань (4696), Чэнду (4636), Нанкин (4313), Цзинань (3405), Чанчунь (3052), Шицзячжуан (3022), Тайюань (2787), Таншань (2756), Цзыбо (2736), Далянь (2709), Куньмин (2459), Циндао (2452), Гуйян (2420), Аньшань (2295), Чанша (2267), Уси (2226), Чжэнчжоу (2216), Наньчан (2188), Гирин (Цзилинь; 1956), Синьян (1904), Ланьчжоу (1865), Даньдун (1711), Чжаньцзян (1635), Сюйчжоу (1611), Үрүмчү (1601) ж. б.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кытай" булагынан алынды