'''Хроматида''' ([[грек тили|гр.]] chroma, chromatos - өң, боек) - [[хромосомаХромосомалар|хромосоманын]] эки эселенишинин натыйжасында клетканын ядросунун интерфазасында калыптануучу хромосоманын структуралык элементи. Эки Х-дан турган хромосома [[Митоз|митоздун]] метафазасында эң жакшы байкалат; центромеранын бөлүнүшүнөн кийин хроматиддер жаш ядролорго ажырайт, жана өз алдынча хромосомаларга калыптанышат. [[Мейоз|Мейоздо]] гомол. хромосомалардын жуптары жакындашып, төрт Х-дан (тетраду) турган структураны пайда кылышат. Х-лардын ортосундагы айырмачылык [[Кроссинговер|кроссинговердин]] же бир хромосоманын Х-далык бөлүктөрүнүн эки тараптуу алмашууларынын натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Кээ бир [[физикалыкфизика|физ.]], [[химиялыкхимия|хим.]] жана [[физиология|физиологиялык]] шарттар мындай алмашуулардын жыштыгын жогорулатат.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4