Ак кеме (тасма): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белги: 2017 source edit
No edit summary
Белги: 2017 source edit
2-сап:
| italic title = Ак кеме
| аталышы = Ак кеме
| Сүрөтү = The-white-ship(Ak-keme snapshot).jpg
| Сүрөттүн аталышы = ТасмаданТасманын бир кадрпостери
| Директору =
| Чыгарган = [[Кыргызфильм]]
18-сап:
| Жайылтуучу =
| Чыккан жылы = 1975
| Узактыгы = 95 мүнөт
| Өлкөсү = Кыргыз ССР
| Тили = орусча
25-сап:
| Үн_оператору = Али Ахмедиев
| Монтаждаган =
| imdb_id = 0169601
|
}}
«'''Ак кеме'''» — [[Чыңгыз Айтматов|Чыңгыз Айтматовдун]] [[Ак кеме (чыгарма)|"Ак кеме" чыгармасынын]] негизинде тартылган [[Советтик Кыргызстан|советтик]] көркөм тасма.
41-сап:
Эл баатыры [[Күмүшалиева, Сабира|Сабира Күмүшалиева]] Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң [[Комик|комикалык ролдордо]] ойногон [[Куттубаев, Асанкул|Асанкул Куттубаевди]] ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" [[Сүймөнкул Чокморов|Сүймөнкулду]] алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.
 
Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Актриса  '''Сабира Кү­мү­шалиева'''  эскерет: <blockquote>Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы? деп сурады. Ал өтө эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөт­чү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду”.</blockquote>
 
Сабира Күмүшалиеванын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.
 
Тасмадагы [[Санжыра|санжыраны]] чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса  [[Темирова Айтурган|Айтурган Темированын]]  баласы. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга уурдап кеткен экен.
 
Эң кызыгы, кино тартылып монтаждалып бүткөндө, Москвадан "Совет бийлиги чагылдырылган эмес. Кайра тарткыла" деп кабыл албай коюшат. Биздикилер "андай болсо акча бергиле" дейт да, 50 миң рубль бөлдүрүп алышат. Москвадан келишсе, пионерлер чогулуп пионер лагерлерине кетип атыптыр, аларды, анан театрдын алдында турган эки милийсаны тартышып, кайра Москвага жөнөтүшөт. Баягы эле кинону баштан аяк көргөндөр "кана совет бийлиги?" деп суроо узатса, "эмне, пионерлер, милициялар силерге совет бийлиги эмеспи" деп көшөрүп атып өткөрүп келишкен.