Ак кеме (тасма): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белги: 2017 source edit
Белги: 2017 source edit
41-сап:
Эл баатыры [[Күмүшалиева, Сабира|Сабира Күмүшалиева]] Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң [[Комик|комикалык ролдордо]] ойногон [[Куттубаев, Асанкул|Асанкул Куттубаевди]] ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" [[Сүймөнкул Чокморов|Сүймөнкулду]] алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.
 
Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Актриса '''[[Күмүшалиева, Сабира|Сабира Кү­мү­шалиева]]''' эскерет: <blockquote>Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы? деп сурады. Ал өтө эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөт­чү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду”.</blockquote>
 
Сабира Күмүшалиеванын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.
56-сап:
* Баланын ролу [[Сыдыгалиев Нургазы|Нургазы Сыдыгалиев]] үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
[[Файл:AkKemeSabiraKumushalieva.jpg|thumb|right|476x476px|СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Карыз таененин образында.]]
 
== Ролдордо ==
* [[Сыдыгалиев Нургазы]] — ''Нургазы''