Квентин Тарантино: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

2 ноябрь 2017, саат 07:04 учурдагы нуска

Квентин Жером Тарантино (англ. Quentin Jerome Tarantino, айтылышы: /ˌtærənˈtiːnoʊ/; 1963-жылы 27-март) – америкалык режиссер, жазуучу жана актер. Тарантинонун тасмалары - бир калыптуу болбогон окуялар, сатиралуу сюжеттер, зомбулуктун эстетикалуу түрдө берүүсү, маектердин узундугу, белгисиз жана өтө таанымал болбогон оюнчулардын курамы, популярдуу маданиятка шилтемелери, 1960 жана 1980-жылдардан алынган музыкалык коштоо жана неонуар тасмалардын өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлөт. Тарантино өз муунунун эң мыкты кинематографисттеринин бири болуп эсептелет.

Режиссердун кесиби 1980-жылы, "Менин эң жакын досумдун туулган күнү" (англ. My Best Friend's Birthday) тасманын сценаристи жана продюсери болгону менен башталган, бул тасманын сценарийи "Чыныгы романс" (англ. True Romance) тасманын негизин түзгөн. 1990-жылдардын башында Тарантино "Кутурган иттер" (англ. Reservoir Dogs, 1992) тасманы чыгарып көз карандысыз режиссердук ишин баштаган, бул тасма классикалык жана маанилүү хит болгонунан улам Empire журналы аны "Бардык замандардын эң мыкты көз карандысыз тасмасы" деп атаган. Режиссердун популярдуулугу анын "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994) тасмасы менен кеңейген, бул цинизмге толгон кылмыштар жөнүндөгү күлкүлүү окуялуу тасма киносынчылар жана көрүүчүлөр тарабынан тең жогору бааланган. 1983-2008-жылдардын эң мыкты тасмаларына баа берген Entertainment Weekly журналынан жогору баа алган тасма көптөгөн киносынчылар жана окумуштуулар боюнча "заманбап киноиндустриянын эң маанилүү тасмасы" деп аталган. Тарантино "Жеки Браун" (англ. Jackie Brown, 1997) жана "Ром пуншу" (англ. Rum Punch) романдын адаптацияланган тасмасы менен 1970-жылдардын blaxploitation жанрындагы тасмалардын кайрадан жаралуусуна аракет жумшаган.

"Өч алгыч тасма" катары стилдештирилген жана Кунг-фу, жапон таймаш искусствосу, спагетти-вестерн жана италиялык коркуу тасма салттарындагы "Биллди өлтүрүү" (англ. Kill Bill) тасмасы алты жылдан соң эки тасма катары жарыкка чыккан: "Биллди өлтүрүү: 1-бөлүк" (англ. Volume 1, 2003) жана "Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк" (англ. Volume 2, 2004). Тарантино досу Роберт Родригез менен эки толук метраждуу тасмадан турган "Грайндхаус" (англ. Grindhouse) долбоорунун "Өлүмдүн далили" (англ. Death Proof, 2007) тасманын продюсери болгон. Режиссердун кийинкиге калтырылган, нацисттик Германиянын саясий лидеринин өлтүрүүсүнүн чындыкта орун албаган альтернативдүү тарыхынын эки окуясы баяндалган "Уятсыз салпаяктар" (англ. Inglourious Basterds) тасмасы 2009-жылы жарыкка чыгып жогору бааланган. Андан кийин режиссер киносынчылар тарабынан жогору бааланган, Алыскы түштүк аймактардын плантация доорунда тартылган вестерн жанрындагы "Кишенден бошотулган Джанго" (англ. Django Unchained, 2012) тасмасын чыгарган. Бул тасма Тарантинонун чыгармачылык ишиндеги эң кирешелүү тасма болуп 425 миллион доллардан ашык кассалык чогултууларды жыйнаган. Тарантинонун "Жек көрүнгөн сегиз адам" (англ. The Hateful Eight) аталышындагы сегизинчи тасмасы 2015-жылдын 25-декабрында жабык көрсөтүү бетачары өткөн. Ошондо 70 мм форматындагы тасма, 1960чы жана 1970-жылдардын ири кирешелүү тасмалардын модасына окшоштурулуп увертюра менен башталып бир канча тыныгууларды камтыган болчу.

Тарантинонун тасмалары киносынчылар тарабынан жогору бааланып, финансылык ийгиликтерге жеткен. Тарантино көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде эки "Оскар" сыйлыктары, эки "Алтын глобус" сыйлыктары, эки BAFTA жана "Алтын пальма бутагы" кирет, ошондой эле "Эмми" жана "Грэмми" сыйлыктардын талапкери болгон. 2005-жылы Тарантино Time журналынын "Дүйнөдөгү 100 эң таасирдүү инсан" тизмесине киргизилген. Кинорежиссер жана тарыхчы Питер Богданович Тарантинону "өз муунунун жалагыз таасирдүү режиссеру" деп атаган. 2015-жылдын декабрында Тарантиного киноиндустрияга кошкон салымы үчүн Голливуд "Атак-даңк" аллеясынан бир жылдыз ыйгарылган.

Өмүр таржымалы

Жеке жашоосу

Тартылган тасмалары

Шилтемелер