Грэмми: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''"Грэмми" сыйлыгы''' (түп нускада '''Грэмофон сыйлыгы''' деп аталат), же '''Грэмми)''' - үн жаздыруучу Академия (англ. ''The Recording Academy'') тарабынан [[Англис тили|англис тилиндеги]] музыка индустриясындагы чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылган сыйлык болуп саналат. Сыйлык тапшыруунун жылдык салтанатында белгилүү артисттер ыр-шоу көрсөтүүлөрүн аткарышат жана популярдуу сыйлыктардын презентациясы өткөрүлөт. Бул сыйлык [[Emmy Awards|"Emmy Awards"]] сыйлыгы (телеберүү), [[Tony Awards|"Tony Awards"]] сыйлыгы (сахнада аткаруулар) жана [["Оскар" сыйлыгы]] (тасма) сыяктуу музыка индустриясындагы сыйлыктарды ыйгарат.
 
Алгачкы "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу салтанаты 1959-жылы, 4-майда өткөрүлгөн жана ал 1958-жылга чейинки музыка дүйнөсүнө салым кошкон аткаруучулардын урматына арналган. 2011-жылдагы салтанаттан кийин, Үн жаздыруучу Академия 2012-жылда бериле турган "Грэмми" сыйлыктарынын категорияларын кайрадан карап чыккан. 59-"Грэмми" сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылы, 12-февралда Степлс Борбору, Лос-Анжелесте өтүп, 2015-жылы, октябрдан - 2016-жылы, сентябрга чейин "Эң мыкты жетишкендик" наамын ыйгарган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Грэмми" булагынан алынды