"Python" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
no edit summary
(Бот: макалаларды автоматтык импорттоо)
 
м
'''Python''' (IPA менен: [ˈpʌɪθ(ə)n]; '''питон''' аталышы жайылган) - иштеп чыгуучунун өндүрүмдүүлүгүнө жана коддун окумдуу болушуна багытталган жогорку даражалуу, жалпы милдеттерди аткарууга арналган [[Программалоо тили|программалоо тили.]] Python өзөгүнүн синтаксиси - минималдаштырылган. Ошол эле учурда, стандарттуу китепканасы көптөгөн пайдалуу функцияларды камтыйт.
 
Python бир нече программалоо парадигмаларын колдойт. Алардын ичинде структуралык, функционалдык, императивдик, объектиге жана аспектиге багытталган парадигмалар да бар. Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү - динамикалык типтештирүү, автоматтык эс башкаруу, толук интроспекция, бөтөнчөлүктөрдү иштетүү механизми, көп агымдык эсептөөнү колдоо жана жогорку даражалуу маалымат структуралары. Python'до коддор модул болуп бириге алчу иш-милдеттер жана класстар болуп уюшулат. (модулдар өз кезегинде пакет болуп бириге алышат).