Netflix: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Netflix''' — Рид Хастиңс жана Марк Рандолф тарабынан 1997-жылы 29-августта Калифорниянын Скоттс Валли жергесинде негизделген [[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|Американын]] көңүл ачуу компаниясы. Ал медиа агымын, ошондой эле талапка жараша онлайн жана почта аркылуу DVD видеолорду камсыздап, ошол жатта адистешет. 2013-жылы Netflix тасма жана телесериал өндүрүү, ошондой эле интернет аркылуу бөлүштүрүү боюнча кулач жайган. 2017-жылга карата, компаниянын башкы штабы Калифорниянын Лос Гатос жергесинде жайгашкан.
 
Хастиңс Netflix'ти негиздегенден бир жыл өткөндөн кийин DVD сатууну жокко чыгарган болсо да Netflix'тин алгачкы ишкердик модели DVD сатууну жана ижарага берүүнү камтыган. Ал өзү компанияны почта аркылуу DVD ижарага берүү боюнча ишкердикке басым жасаш үчүн түптөгөн. 2007-жылы Netflix DVD жана Blu-ray ижара кызматын сактап калуу менен бирге эле медиа агымын киргизүү менен өз ишин баштаган. Компания 2010-жылы агымды Канадада жеткиликтүү кылуу менен эл аралык деңгээлде кулач жая баштаган. Өзүнүн агым кызматын ошол жерден өстүрүүнү уланткан; 2016-жылдын январына чейин Netflix кызматы 190дон ашуун өлкөдө иштеп калган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Netflix" булагынан алынды