Чайыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Ferula communis2.jpg
+ link
 
1-сап:
[[Файл:Ferula communis2.jpg|thumb|[[Чайыр чөп же чаар куурай]] (''Ferula communis'').]]
'''Чайыр''' ({{lang-la|Ferula}}, [[L.]] 1753) – Чатыр гүлдүүлөр тукумундагы [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] [[Уруу (биология)|уруусу]]. Көп жылдык чөп. Тамыры ар түрдүү жоондукта, тик ылдый өсөт, айрымдарынын диаметри 10-20'' см''ге жетет. Сабагы 100-180'' см ''бийиктикке жетет, түп жагы эски жалбырак саптарынын калдыктары менен жыш курчалган, жогору жагы көп бутактуу. Жалбырактары үч ирет тилкелүү, түрдүү формада жана түрдүү чоңдукта. Сабактын төмөнкү жагындагы жалбырактары тамыр моюнчасын жыш курчап жайгашкан, алар сабактын жогору жагындагыларга караганда өтө ири. Чатырча топ гүлүнүн саптары ар түрдүү узундукта. Чатырчанын ортоңку гүлдөрү эки жыныстуу, четкилери аталыктуу же эки жыныстуу. Желекчелери 5, ак, сары, мала кызгылт түстө. [[Мөмө|Мөмөсү]] жалпак эки кутучадан турат. Ч-дын бардык түрүндө чайыр заты бар. Майда болуп өскөн түрлөрүн мал оттойт, бирок уругуна алар ууланышы мүмкүн. Эл арасында айрым түрү Кугистан чайыры (к. ''[[Уулжан]]''), [[Фергана]] чайыры дарылыкка (ашказан, жарат ооруларына), колдонулат. Жер жүзүндө 130дан ашык түрү, [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] 35тен ашуун түрү белгилүү, алар өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейинки өсүмдүктүүлүктүн бардык курамында кездешет.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чайыр" булагынан алынды