Рефлекстер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
6-сап:
== Бөлүнүшү ==
[[Иван Петрович Павлов|И. П. Павлов]] рефлекстерди
* [[Шартсыз рефлекс|шартсыз]] (тубаса) жана
* [[Шарттуу рефлекс|шарттуу]] (жашоого ылайык кийин пайда болгон) деп экиге бөлөт.
 
=== Тубаса рефлекс ===
Тубаса рефлекстер туруктуу болуп, бир өңчөй дүүлүгүүгө башка шарттарга карабастан белгилүү жооп кайтарылат, ал түрдүү жаныбарларга таандык (мисалы, [[Тамактануу|тамактануу]], [[Коргонуу (психология)|коргонуу]], [[Жыныстык жетилүү|жыныстык]] жана башкалар). Шартсыз рефлекстердин тубаса рефлекс догосу, бар, ал эң эле жөнөкөй, аз нейрондордон түзүлөт.
 
=== Шарттуу рефлекс ===
[[Шарттуу рефлекс|Шарттуу рефлекстер]] шартсыз рефлекстердин негизинде жаралып, бир гана организмге тийиштүү жана шартка жараша пайда болуп же жоголуп турат. Шарттуу рефлекстердин негизинде организм өзүнүн жүрүш-турушун керек учурда өзгөртүп турууга жөндөмдүү (к. Жогорку нерв иши). Рецепторлордун дүүлүгүүсүнөн баштап кыймыл-аракетке алып келүүчү жол рефлекс догосу деп аталат ага рецепторлор, борборго умтулуучу афферент нерв талчалары кирет.
 
Шарттуу рефлекстердин догосу дайыма өзгөрүлүп турат, ошондуктан ар бир жаңы шарттуу рефлекс пайда болгондо, [[Борбордук нерв системасы|борбордук нерв системасында]] козголууга дуушар болгон мээ кыртышындагы нейрондордун ортосунда убактылуу нерв байланышы түзүлөт, шарттуу рефлекстер жоюлган учурда бул байланыш да бат-бат үзүлүп турат.
 
== Касиеттери ==
Рефлекстердин касиети (өлчөмү, узактыгы жана башкалар) рефлекс догосунун ар бир бөлүгүнүн функциялык жагдайына жана дүүлүктүргүчтөрдүн күчтөрүнө жараша өзгөрөт. Рефлекстердин борборунда пайда болгон козголуу борбордук нерв системасынын көп жерлерине тарайт. Ушунун негизинде козголуу кеңири жайылып, башка рефлекстер же тормоздолуп (карама-каршы болсо), же күчөтүлүп турат. Рефлекстердин өлчөмү, таасирдин жыйынтыгы борбордук нерв системасына дайыма кабарланып, кыймыл-аракетке баа берүүгө мүмкүнчүлүк (шарт) түзүлөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рефлекстер" булагынан алынды