Азербайжан: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
56-сап:
}}
'''Азербайжан''' ({{lang-az|Azərbaycan}}), расмий аты — '''Азербайжан Республикасы''' ({{lang-az|Azərbaycan Respublikası}}) — Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн [[Дагстан]], түндүк-батышынан [[Грузия]], түштүк-батышынан [[Армения]] жана [[Түркия]], түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9 590 159 (2013). Борбору -
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Aзербайжан - унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы — премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер-министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Азербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.
==Табияты==
Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура-Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарымаралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызылагач,
==Калкы==
Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (90%), ошондой эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжанармян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан-качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 90,7 киши. Шаар калкы - 53% . Ислам динин тутат (62% мусулман-шеиттер, 26% мусулман-сүнөттөр). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 69,5, аялдарыныкы - 75,1 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, АлиБайрамлы, Нахичеван. Жергиликтүү калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.
==Тарыхы==
Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Биздин заманга чейин 9-кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Биздин заманга чейин 7-кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Биздин заманга чейин 6-кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахеменилер династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеменилерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы), Азербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3-9-кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мисалы, Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9-16-кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак-Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7-11-к.) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгат да, түрк тили (11-13-к.) элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда Азербайжан эли да түзүлгөн. 11-14-кылымда өлкөнү Тимур, монгол-татарлар, түрк-селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16-кылымдын башында түзүлгөн Сефевилер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжандын Сефевилер мамлекетине биригиши өлкөнүн чарбасынын жана маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок буга карабастан, Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын согушу токтогон эмес. 18-кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813-28-ж. орус-иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга кошулган. Февраль революциясынын кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Азербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (
==Экономикасы==
Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар - Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен
==Транспорт==
Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 23 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 2,1 миң км (анын ичинде 1,3 миң км электрлештирилген; 2003). Негизги темир жол түйүндөрү:
==Маданияты==
Азербайжанда алгачкы мектептер 5-кылымда пайда болгон. 7-кылымда араб мектептери, 10-11-кылымда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992-жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99-ж. редакцияланган) боюнча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамлекеттик, 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Азербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн
==Басма сөз кызматы==
Азербайжанда басма сөз 19-кылымдын 30-жылдарында башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук-саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде «Каспиан бизнес ньюс», «Азери таймс», «Баку сан» чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медпа-пресс»), мамлекеттик телекөрсөтүү («Аз-ТиВи»), мамлекеттик радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси - АНС) иштейт.
76-сап:
Азербайжандын адабияты байыркы бай адабияттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп-адат жөнүндөгү ырлар, макал-лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ойтилектерин чагылдырат. Азербайжан элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван-и-лугат-ат-түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма адабияты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7-11-кылымда араб тилинде, 10-13-кылымда фарсы тилинде өнүккөн. 10-11-кылымда араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары - Абу-ль-Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын-гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. Азербайжанда улуттук тилде жазуу 13-14-кылымда пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан тилинде жазылган. Несиминин лирикасы Азербайжан тилиндеги чоң диван-жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика - эпикалык «Лейли-Межнун» поэмасы (1537) Азербайжандын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. Азербайжан элинин баатырдык-романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18-кылымдын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамлекеттик ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19-кылымда классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага Азербайжан Бакихановдун прозасы, Закирдин социалдык сатирасы жол ачкан. Азербайжан драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан адабиятын орус адабияты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк-мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы Азербайжан адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-кылымдагы улуттук коомдук аң-сезимдин өсүшү адабиятта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («Шарки-Рус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддпн», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920-80-ж. Азербайжан адабияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденпн, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жогорку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору Азербайжан тилинде жарык көргөн. 21-кылымдын башында Азербайжан элинин руханий байлыгы болгон адабияты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин жана башкалардын чыгармалары басылууда жана Азербайжан адабиятынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.
==Байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери==
Азербайжандын аймагында көптөгөн байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн биздин заманга чейин 8-5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Республикасынын аймагында биздин заманга чейин 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Биздин заманга чейин 5-4-кылымдагы Азербайжан тарыхый эстеликтери Ахеменид мамлекетинин маданиятына түспөлдөш болуп, биздин заманга чейин 4-кылымдын аягында Атропатен маданиятына баш баккан. Буга 5-7-кылымдагы тарыхый эстеликтер (Чирах-Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. Азербайжандын орто кылымдын башындагы маданияты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын маданиятына байланышы бар экендигин айгинелейт. Азербайжанда 7-8-кылымда ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман маданиятынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9-кылымдын 2-жарымында 10-кылымдын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам архитектурасынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12-13-к.) пайда болушуна алып келген. Буга
==Музыкасы==
Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп-адат, каада-салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары - саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша-нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16-к.; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17-18-к.; Алескер, Нажафкули, Аббас-кули, Молла-Жума, 19-к.) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль-Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19-кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20-кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар - Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, З. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар-Алиева, Р. Атакишиев, Э. Назирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен. Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран-бала», У. Гаджибеков. «Аршин мал алан» . Азербайжан театры. «ялла». 1938-ж. бий коллективи уюшулган. 1940-ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923-ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933-ж. балет мектеби, 1936-ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982-жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор - Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.
82-сап:
Азербайжандын театр искусствосу байыркы элдик бий, оюн-зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса-Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Мараг юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. Орто кылымда диний театр («Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20-кылымдын башында Азербайжанда мусулман артисттеринин «Гамийет» труппасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү ишгеген. 1923-47-ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атындагы театр мектеби иштеп, 1945-ж. анын негизинде Азербайжан театр институту (учурда мамлекеттик искусство жана маданият институту) ачылган. 21-кылымдын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана Азербайжан труппалары) куурчак жана жаштар театры, пантомима театрлары, ошондой эле «Йуг» театры иштейт. Театр искусствосунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, «Насими» фильми. Реж. Г. Сейдбейли (Насими — Р. Балаев). 1974. Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.
==Кино==
Азербайжанда алгачкы көркөм фильм 1916-ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917-ж. У. Гажибековдун «Аршин мал алан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (
==Цирк==
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көзбоёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн биртууган Никитиндер 1904-ж. негиздешкен. 1945-ж. цирк коллективи түзүлүп, Азербайжандын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967-ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.
|