Мисир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Beka777Z moved page Египет to Мисир: Туура болду
No edit summary
1-сап:
'''Мисир/Египет '''''(орусча-Египет)'' (Мисир Араб Республикасы, [[Араб тили|араб тилинде]] مصر‎‎ ''Миср/Miṣr'' [misˤɾ], [[Англис тили|англис тилинде]] Egypt [ˈiːdʒɪpt]) – [[Африка|Африканын]] Түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуңундагы жана Кызыл деңиздеги айрым чакан аралдар да Мисирге таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан Кызыл деңиз, Суэц, Акаба булуңдары менен чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, Түндүк-чыгышынан Израиль жана Палестина менен чектешет. Мисир Европа, Америка өлкөлөрүн Азия жана Чыгыш Африка өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык аба жана деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Мисирдин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны менен туташтырган кыска деңиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миң ''км''2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Мисир фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны).
<br/>
Мисир – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) жана башка уюмдардын мүчөсү.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мисир" булагынан алынды