Чарли Чаплин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
'''Сэр Чарльз Спенсер “Чарли” Чаплин''' ([[Англис тили|англ.]] ''Sir Charles Spencer "Charlie" Chaplin'', Британия империясынын ардактуу орденинин рыцари; 1889-жылы 16-апрель – 1977-жылы 25-декабрь) – күлкүлүү ролдорду аткаруучу англиялык актер, режиссер, доошсуз тасма доору учурунда атактуулукка жеткен композитор. Чаплинди дүйнөлүк атактуулукка алып келген "the Tramp" (кырг. Трамп) каарманы доошсуз киноиндустриясынын тарыхындагы эң беделдүү инсандарынын бири болуп саналат. Бала чагынан (Виктория доору) өлүмүнө (1977) бир жыл калганына чейин эмгектенген Чаплиндин көшөкөрлүк жана талаш жараткан чыгармачылык иши 75 жылга созулган.
'''Чарли Чаплин''' - Америкалык белгилүү кинорежиссер, актер жана сценарист.<br>
 
Чаплиндин Лондондогу балалык кези жокчулук жана кедейчиликте өткөн. Атасыз чоңойгон Чаплин, апасы финансылык кыйынчылыктар менен күрөшкөнүнөн улам тогуз жашына чейин эки жолу жумушчулар үйүнө жиберилген. Чаплин 14 жашына келгенде апсы психиатрия ооруканасына жиберилген. Чаплин чыгармачылык ишине эрте баштап, ар кандай варьете сахналарына чыккан, кийинчирээк сахналык актер жана куудул катары иштеген. 19 жашында Чаплин Fred Karno компаниясы менен келишимге кол коюп Америкага кеткен. Киноиндустрия Чаплинди тандаган соң, ал 1914-жылы Keystone Studios киностудиясында иштеп баштаган. Чаплин кыска заман ичинде Трамп каарманын ойлоп табып, актердун күйөрмандар тобу түзүлө баштаган. Башынан өз тасмаларын жетектеген Чаплин, Essanay, Mutual жана First National корпорацияларда иштеп жүргөнүндө чеберчилик талантын өнүктүрүп жүргөн. 1918-жылга чейин эле Чаплин дүйнөнүн эң таанымал инсаны болгон.
 
1919-жылы Чаплин United Artists компаниянын кош-негиздөөчүсү болуп, өз тасмаларынын толук укуктуу көзөмөлү колуна түшкөн. Чаплиндин алгачкы толук метраждуу тасмалары: “Кичинекей бала” (англ. The Kid, 1921), “Париж шаарында турган аял” (англ. A Woman of Paris, 1923), "Алтын дүрбөлөңү" (англ. The Gold Rush, 1925) жана “Цирк” (англ. The Circus, 1928). 1930-жылдары Чаплин үндүү тасмаларга өтүүдөн баш тартып, анын ордуна маексиз “[[Шаар чырактары]]” (англ. City Lights, 1931) жана “Азыркы заман” (англ. Modern Times, 1936) тасмаларын чыгарган. Чаплин саясатка аралашып, Адольф Гитлер жөнүндөгү “Улуу диктатор” (англ. The Great Dictator, 1940) тасмасын тарткан. 1940-жылдары Чаплин үчүн талаштар дооруна айланып, режиссердун популярдуулугу бир кыйла азайган. Чаплиндин коммунизмди жактыргандыгы айыпка тартылып, аталык соттошууларда катышуусу жана өзүнөн жаш аялдар менен үй-бүлө куруусу чатак жараткан. Федералдык Чалгындоо Кызматынын тергөөсү башталып, Чаплин АКШдан кетүүгө мажбур калып Швейцарияга жайгашкан. Чаплин Трамп каарманын бир канча заман соң, “Мсье Верду” (англ. Monsieur Verdoux, 1947), “Рампа жарыгы” (англ. Limelight, 1952), “Король Нү-Йоркто” (англ. A King in New York, 1957) жана “Гонконгтук графиня” (англ. A Countess from Hong Kong, 1967) сыяктуу тасмаларда гана аткара алган.
 
Чаплин көптөгөн тасмаларынын жазуучусу, режиссеру, продюсери, редактору, башкы каарманы, жана музыкаларынын композитору болгон. Бардыгын мыкты жасаган жана финансылык жактан көз карандысыз болгон Чаплин тасма тартуу үчүн бир канча жыл коротчу. Чаплиндин тасмалары буффонада менен пафостун аралашмасы катары сүрөттөлөт, өзгөчө Трамптын оңтойсуз жагдайлары менен күрөшүүсүндө. Режиссердун тасмаларынын көбү коомдук, саясий жана ошондой эле өмүр баяндык элементтердин темаларды камтыйт. 1972-жылы Чаплин, эмгектерине ыраазычылык айтуу жаатында ардактуу “Оскар” сыйлыгына “ушул доордун тасма тартуусуна сан жеткис таасирлерди жаратуусуна” татыган. Чаплиндин “Алтын дүрбөлөңү” (англ. The Gold Rush), “Шаар чырактары”, “Азыркы заман” жана “Улуу диктатор” тасмалары азыркыга чейин жогору бааланат жана “Эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты тасмалар” тизмесинде табылат.
 
== Өмүрү таржымалы ==
Чарлз Спенсер Чаплин 1889-жылы 16-апрелде [[Лондон]]до артисттин үй-бүлөсүндө туулган.Турмуш жолун театрда актер болуп иштөөдөн баштаган.Чарли Чаплин 1977-жылы дүйнөдөн кайткан.<br>