Барак Обама: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
мNo edit summary |
||
49-сап:
}}
'''Барак Хусейн Обама II''' ([[Англис тили|англ.]] ''Barack Hussein Obama II''; 1961-жылдын 4-августунда төрөлгөн) - америкалык саясатчы, 2009-жылдан 2017-жылга чейин Кошмо Штаттардын 44-президенти. Ал президент катары кызмат кылган биринчи афроамерикалык болуп саналат. Алгач ал АКШнын сенатында Иллинойсту 2005-2008 жылдары көргөзгөн, андан мурда Иллинойс штатынынын сенатында ал 1997-жылдан 2004-жылга чейин болгон.
Обама 1961-жылы Гонолулуда, Гавайиде туулган, андан эки жыл мурун эле территория 50-штат болуп АКШ на кошулган эле. Гавайиден чоңойгон Обама, балалык кезинин бир жылын Вашингтон штатында жана төрт жылын Индонезияда өткөргөн. 1983-жылы Колумбиялык университетти бүтүргөндөн кийин ал Чикагодогу жамааттарды уюштуруучу болуп иштейт. 1988-жылы Обама Гарвард юридикалык мектебине тапшырып, анда Harvard Law Review журналынын эң биринчи кара терилүү президенти болуп калган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал адвокат жана жарандык укуктар боюнча профессор болуп, 1992-жылдан 2004-жылга чейин Чикаго университетинин юридикалык мектебинде конститутуциялык укуктан сабак берет. Обама 1997-жылдан 2004-жылга чейин Иллинойс штатынын Сенатында 13-округдун өкүлү болуп турган, андан кийин АКШ нын Сенатына шайланган. Обама 2004-жылы март айында күтүүсүз жеңиши менен улуттун көңүлүнө арзыйт, июль айында Демократиялык улуттук конвенцияда сүйлөгөн сөзү жакшы кабыл алынат жана Сенатка ноябрдык шайлоолордо көчкү түшкөндөй эле кирип келген. 2008-жылы Обама шайлоо кампаниясынын башталышына бир жыл болгондо жана Хиллари Клинтонго каршы кылдат биринчи кампания жабылгандан кийин президенттик постко талапкер катары көрсөтүлөт. Ал республикачыл Жон Маккейндин үстүнөн жеңишке жетишип, 2009-жылдын 20-январында инаугурациясы өттү. Тогуз айдан кийин Обама 2009-жылдын тынчтыктын Нобель сыйлыгынын лауреаты болду.
Обама өзүнүн постун 2017-жылдын январында 60% колдогон рейтинг менен таштап кетти. Азыркы учурда ал Вашингтондо, Колумбия округунда жашап жатат. Анын президенттик китепканасы Чикагодо курулат.
==Өмүр баяны==
==Жеке жашоосу==
{{stub}}
[[Категория:Ар түркүн]]
|