Деңиз кирписи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:PhyllacanthusVentral.jpg|thumb|''Phyllacanthus imperialis''.]]
'''Деңиз кирпилери''' - ([[Латын тили|лат.]] Echinoidea) – омурткасыз жаныбарлардын [[ийне терилүүлөр]] тибиндеги классы. Денеси шар сымал, жалпак же жүрөк сымал. Сырты көптөгөн тикенектүү бири-бири менен жабышып калган ак таш кабыктуу чопкут менен капталган. Анда кыймылдуу ийнелери бар. Чопкуттун диаметри 2–3 ммден 30 смге чейин. Айрым жыныстуу, жумурткасын сууга чачат. Кээ бирлери тирүүлөй тууйт. Балырлар менен азыктанат. [[Океан]], [[деңиз|деңиздерде]] 800 түрү белгилүү. Крабдарга, балыктарга, күрөк буттууларга, деңиз канаттууларына азык болушат. Кээ бир тайыз сууда жашагандары икрасы үчүн кармалат. Кээ бир тропиктик түрлөрү адам үчүн да коркунучтуу, алардын ийнелери 25 смге чейин кирип, абдан ооруксунтат.
 
==Колдонулган адабияттар==